ЕВФРАТ
ЕВФРА́Т – Түркия, Сирия, Ирак аймактары аркылуу аккан дарыя. Мурат жана Кара-Суу дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу (Мурат дарыясынын башталышынан Тигр менен кошулганга чейинки) 3065 км, алабынын аянты 673 миӊ км2. Армян тайпак тоосунан башталып, Жезире платосу, Месопотамия ойдуӊу аркылуу агат. Төмөнкү агымында Тигр дарыясына кошулуп, Перс булуӊуна куйган Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Жазында ташкындап, жайында тартылат. Орточо чыгымы Хит шаары тушта (ушул жерден баштап кеме жүрөт) 840 м3/сек, төмөн жагында 300–400 м3/секга чейин азаят. Негизинен сугатка пайдаланылат (Месопотамия ойдуӊундагы жээктеринде оазистер көп). Евфратка Кебан (Түркия), Табка (Сирия) гидротүйүндөрү курулган. Боюнан Бирежик (Түркия), Эр-Ракка, Дейр-эз-Зор (Сирия), Эр-Рамади, Эль-Фаллужа, Эль-Куфа, Эс-Самава, Эн-Насирия (Ирак) шаарлары орун алган. Евфрат менен Тигр-


дин аралыгы байыркы цивилизациянын очогу болуп (к. Шумер, Ассирия, Вавилония макалаларын), байыркы Вавилон шаары Евфраттын боюнда турган.