КАТУНЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТУ́НЬ</b> – Алтай | <b type='title'>КАТУ́НЬ</b> – Алтай Республикасы м-н Алтай крайы ар­кылуу аккан дарыя. Бий суусу м-н кошулуп, Обь дарыясын түзөт. Узундугу 688 <i>км</i>, алабынын аянты 60,9 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Белуха чокусунун түштүк капталын­дагы Катунь мөңгүсүнөн башталат. Ортоңку агы­мында кенен өрөөн аркылуу салааланып агат; төмөн жагында салыштырмалуу кууш өрөөн аркылуу агып, айрым жерлеринин жазылыгы 4 <i>км</i>ге жетет; чатына 70 <i>км</i> жетпей түздүккө чыгат. Мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Суу­сунун жылдык орточо чыгымы Сростка кыштагы туш­та 629 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек.</i> Башатында декабрдан, төмөнкү агымында ноябрдын аягынан апрелдин 1-жа­рымына чейин муз каптайт. Ири куймалары: Аргут, Чүй (оң), Кокса, Сема (сол). Чатынан 75 <i>км</i> аралыкка чейин кеме каттайт. Сал агы­зылат. Алабынын жогорку бөлүгүндө Катунь ко­ругу уюшулган. Өрөөнү аркылуу Чүй тракты (Бийск шаарынан Россия – Моңголия чек арасына чейин созулган автомобиль жолу) өтөт. «Ка­тунь» топоними байыркы түрк тилинде «да­рыя» деген маанини билдирет. | ||
чыгат. Мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Суу­сунун жылдык | |||
(Бийск | |||
чейин созулган автомобиль жолу) өтөт. «Ка­тунь» топоними байыркы түрк тилинде | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
09:18, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАТУ́НЬ – Алтай Республикасы м-н Алтай крайы аркылуу аккан дарыя. Бий суусу м-н кошулуп, Обь дарыясын түзөт. Узундугу 688 км, алабынын аянты 60,9 миң км2. Белуха чокусунун түштүк капталындагы Катунь мөңгүсүнөн башталат. Ортоңку агымында кенен өрөөн аркылуу салааланып агат; төмөн жагында салыштырмалуу кууш өрөөн аркылуу агып, айрым жерлеринин жазылыгы 4 кмге жетет; чатына 70 км жетпей түздүккө чыгат. Мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Суусунун жылдык орточо чыгымы Сростка кыштагы тушта 629 м3/сек. Башатында декабрдан, төмөнкү агымында ноябрдын аягынан апрелдин 1-жарымына чейин муз каптайт. Ири куймалары: Аргут, Чүй (оң), Кокса, Сема (сол). Чатынан 75 км аралыкка чейин кеме каттайт. Сал агызылат. Алабынын жогорку бөлүгүндө Катунь коругу уюшулган. Өрөөнү аркылуу Чүй тракты (Бийск шаарынан Россия – Моңголия чек арасына чейин созулган автомобиль жолу) өтөт. «Катунь» топоними байыркы түрк тилинде «дарыя» деген маанини билдирет.