КАТОВИЦЕ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТОВИ́ЦЕ</b> – Польшанын түштүгүндөгү шаар. | <b type='title'>КАТОВИ́ЦЕ</b> – Польшанын түштүгүндөгү шаар. Силезия воеводдугунун административдик борбору. Висла дарыясынын алабында жайгашкан. Калкы 307,7 миң (2008); өлкөдөгү эң ири Жогорку Силезия (кал­кы 2,5 млн) агломерациясынын борбору. Ири жолдор (анын ичинде эл аралык автомагистралдар) тоо­му. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1598-жылы жазма эстеликтерде эскерилет. Соңку готика сти­линдеги Михаил Архангел жыгач костёлу (1510), неоготика стилиндеги Ыйык Мария бий­кеч (1870), Ыйык Стефан (1894) костёлдору, өлкөдөгү неоклассика стилиндеги кафедралуу эң ири собор (1927–55) сакталган. Катовице – өлкөнүн оор өнөр жайынын ири борбору. Катовице мамлекеттик көмүр холдинги Жогорку Силезиядагы көмүр бассей­нинин иштеп жаткан шахталарын бириктирет. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу (тоо­кен өнөр жайы үчүн машиналар ж-а жабдуулар), жо­горку технологиядагы электрон жабдууларын ж-а оптика приборлорун чыгарат, химия (жер се­мирткич), тамак-аш, фарфор-фаянс, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Курулуш индустрия­сы өнүккөн. Польша ИАнын бөлүмү, институттар, ИИИлердин филиалдары, 20дан ашык ЖОЖ (анын ичинде Силезия медицина университети, 1948; Польшадагы эң ири), 9 академия (анын ичинде музыкалык, экономикалык ж. б.), жогорку мектептер, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар, филармония бар. Шаардын чегинде 12 парк (8и коргоого алынган), токой ж-а флора табигый коруктары уюштурулган. Эл аралык фестивал­дар, конкурстар (дирижёрлордун ж. б.) ж-а соо­да ярмаркалары өткөрүлүп турат. | ||
Силезия воеводдугунун | |||
өлкөдөгү неоклассика стилиндеги кафедралуу эң ири собор (1927–55) сакталган. | |||
оор | |||
ИИИлердин филиалдары, 20дан ашык ЖОЖ ( | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
05:16, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАТОВИ́ЦЕ – Польшанын түштүгүндөгү шаар. Силезия воеводдугунун административдик борбору. Висла дарыясынын алабында жайгашкан. Калкы 307,7 миң (2008); өлкөдөгү эң ири Жогорку Силезия (калкы 2,5 млн) агломерациясынын борбору. Ири жолдор (анын ичинде эл аралык автомагистралдар) тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1598-жылы жазма эстеликтерде эскерилет. Соңку готика стилиндеги Михаил Архангел жыгач костёлу (1510), неоготика стилиндеги Ыйык Мария бийкеч (1870), Ыйык Стефан (1894) костёлдору, өлкөдөгү неоклассика стилиндеги кафедралуу эң ири собор (1927–55) сакталган. Катовице – өлкөнүн оор өнөр жайынын ири борбору. Катовице мамлекеттик көмүр холдинги Жогорку Силезиядагы көмүр бассейнинин иштеп жаткан шахталарын бириктирет. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу (тоокен өнөр жайы үчүн машиналар ж-а жабдуулар), жогорку технологиядагы электрон жабдууларын ж-а оптика приборлорун чыгарат, химия (жер семирткич), тамак-аш, фарфор-фаянс, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Курулуш индустриясы өнүккөн. Польша ИАнын бөлүмү, институттар, ИИИлердин филиалдары, 20дан ашык ЖОЖ (анын ичинде Силезия медицина университети, 1948; Польшадагы эң ири), 9 академия (анын ичинде музыкалык, экономикалык ж. б.), жогорку мектептер, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар, филармония бар. Шаардын чегинде 12 парк (8и коргоого алынган), токой ж-а флора табигый коруктары уюштурулган. Эл аралык фестивалдар, конкурстар (дирижёрлордун ж. б.) ж-а соода ярмаркалары өткөрүлүп турат.