КАРА БУУДАЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА БУУДАЙ</b> (Secale) – дан өсүмдүктөр туку­мундагы бир ж-а көп жылдык чөп. | <b type='title'>КАРА БУУДАЙ</b> (Secale) – дан өсүмдүктөр туку­мундагы бир ж-а көп жылдык чөп. Кара буудайдын 13 (жапайы ж-а эгилме) түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө 5 түрү кезигет. Кичи ж-а Борбордук Азия, Иран, Афганстан, Закавказье ж-а Африканын түштүгүндө өсөт; 1 түрү буудайдын отоо чөбү ка­тары Кавказ, Кичи ж-а Борбордук Азияда белгилүү; эгилме 1 түрү Түндүк Жарым шардагы өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кара буудайдын мекени – Кавказ, Кичи ж-а Борбордук Азия. КМШ өлкөлөрүндө негизинен РФте (70%), Украинада (12%), ошондой эле Балтика боюн­дагы республикаларда, Казакстан, Грузияда эгилет. Кара буудайдын күздүк ж-а жаздык сорттору бар. Күздүк сорту көп эгилет. Тамыры негизинен топурак­тын үстүнкү катмарында жайгашкан, айрым­дарыныкы 2 <i>м</i> тереңдикке чейин жетет. Сабагы көңдөй, бийиктиги 110–180 <i>см</i>, 6–7 муунактуу. Топ гүлү – татаал машак, эки жыныстуу. Даны ка­быксыз, түсү көк, боз, кээде күрөң же сары. Күздүк кара буудайдын вегетация мезгили 120–150 күнгө созулат. Үрөнү 1–2°С жылуулукта өнүп, 4–5°Сде өсүп чыгат. Кара буудай суукка ж-а кургакчылыкка байымдуу. Башка эгиндерге караганда топурак­ты көп тандабайт. Бирок кара топурактуу жер­де мол түшүм берет. Данында 18,0%и белок, 69,1%и углевод, 1,8%и май, В , В , Е, РР вита­миндери ж-а А провитамини бар. Уну нанга, акшагы ж-а улпагы жем катары пайдаланы­лат, ошондой эле спирт ж-а крахмал өндүрүшүнө жум­шалат. Наны жыттуу, жегиликтүү, сиңимдүү ке­лет. Кара буудай көк кезинде сапаттуу тоют катары, саманы кагаз, целлюлоза ж. б. жасоого жум­шалат, малга төшөлөт. Жапайы түрү селекция ишинде колдонулат. Кара буудай м-н буудайды аргын­даштырып, сапаттуу тритикале гибриди алын­ган. Кыргызстанда чыгарылган Кыргыз 1 сорту Ош облусунда, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, ал эми буу­дай-кара буудай гибриди – Немига 2 Ысык-Көл өрөөнүндө тоют катары айдалат. | ||
өстүрүлөт. | |||
көңдөй, | |||
гүлү – татаал машак, эки жыныстуу. Даны ка­быксыз, түсү көк, боз, кээде күрөң же сары. Күздүк | |||
өсүп чыгат. | |||
акшагы ж-а улпагы жем катары пайдаланы­лат, | |||
Ад.: <i>Тиунов А. Н. и др.</i> Рожь. М., 1972; Справочник по апробации и основам семеноводства зерновых и зернобобовых культур. Ф., 1986. | Ад.: <i>Тиунов А. Н. и др.</i> Рожь. М., 1972; Справочник по апробации и основам семеноводства зерновых и зернобобовых культур. Ф., 1986. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
08:49, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА БУУДАЙ (Secale) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир ж-а көп жылдык чөп. Кара буудайдын 13 (жапайы ж-а эгилме) түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү кезигет. Кичи ж-а Борбордук Азия, Иран, Афганстан, Закавказье ж-а Африканын түштүгүндө өсөт; 1 түрү буудайдын отоо чөбү катары Кавказ, Кичи ж-а Борбордук Азияда белгилүү; эгилме 1 түрү Түндүк Жарым шардагы өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кара буудайдын мекени – Кавказ, Кичи ж-а Борбордук Азия. КМШ өлкөлөрүндө негизинен РФте (70%), Украинада (12%), ошондой эле Балтика боюндагы республикаларда, Казакстан, Грузияда эгилет. Кара буудайдын күздүк ж-а жаздык сорттору бар. Күздүк сорту көп эгилет. Тамыры негизинен топурактын үстүнкү катмарында жайгашкан, айрымдарыныкы 2 м тереңдикке чейин жетет. Сабагы көңдөй, бийиктиги 110–180 см, 6–7 муунактуу. Топ гүлү – татаал машак, эки жыныстуу. Даны кабыксыз, түсү көк, боз, кээде күрөң же сары. Күздүк кара буудайдын вегетация мезгили 120–150 күнгө созулат. Үрөнү 1–2°С жылуулукта өнүп, 4–5°Сде өсүп чыгат. Кара буудай суукка ж-а кургакчылыкка байымдуу. Башка эгиндерге караганда топуракты көп тандабайт. Бирок кара топурактуу жерде мол түшүм берет. Данында 18,0%и белок, 69,1%и углевод, 1,8%и май, В , В , Е, РР витаминдери ж-а А провитамини бар. Уну нанга, акшагы ж-а улпагы жем катары пайдаланылат, ошондой эле спирт ж-а крахмал өндүрүшүнө жумшалат. Наны жыттуу, жегиликтүү, сиңимдүү келет. Кара буудай көк кезинде сапаттуу тоют катары, саманы кагаз, целлюлоза ж. б. жасоого жумшалат, малга төшөлөт. Жапайы түрү селекция ишинде колдонулат. Кара буудай м-н буудайды аргындаштырып, сапаттуу тритикале гибриди алынган. Кыргызстанда чыгарылган Кыргыз 1 сорту Ош облусунда, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, ал эми буудай-кара буудай гибриди – Немига 2 Ысык-Көл өрөөнүндө тоют катары айдалат.
Ад.: Тиунов А. Н. и др. Рожь. М., 1972; Справочник по апробации и основам семеноводства зерновых и зернобобовых культур. Ф., 1986.