ДУНАЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУНА́Й''' ( | '''ДУНА́Й''' (немисче Donau, венгрче Duna, болгарча, сербче Дунав, чехче Dinaj, румынча Dunarea) – Батыш Европадагы эң ири дарыя. Узундугу 2850 ''км.'' Алабынын аянты 817 миң ''км''<sup>2</sup>. Германия, Сло­вакия, Венгрия, Хорватия, Сербия жана Черно­гория, Болгария, Румыниянын аймактары ар­кылуу агып өтөт. Шварцвальд тоосунун тармак­тарынан башталып, Венадан жогору карай көбүнчө тоолор аркылуу, андан ''Темир Дарбаза­га'' чейин (Румыния менен Сербиянын чегинде) | ||
[[File:ДУНАЙ81.png | thumb | Ортоңку Дунай.]] | [[File:ДУНАЙ81.png | thumb | Ортоңку Дунай.]] | ||
Орто | Орто жана Төмөнкү Дунай түздүктөрү аркылуу агат. Кара деңизге куярда дельтаны түзүп, 3 айрыкка (гирлого) бөлүнөт. 300дөн ашык куй­масы бар (негизгилери: ''Драва'', Тиса, Сава, Олт, Сирет, Прут). Жаз, жай айларында кирет, орточо чыгымы 6430 ''м''<sup>3</sup>/''сек''. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европаны байланыштырууда транспорттук мааниси зор. Темир Дарбазада ири Жердап ГЭСи, Австрия менен Гер­маниянын аймагында ГЭС каскады бар. Балык (көбүнчө дельтасында) кармалат. Боюнда Регенс­бург (Германия), Линц, Вена (Австрия), Братис­лава (Словакия), Будапешт (Венгрия), Нови-Сад Белград (Сербия жана Черногория), Русе (Бол­гария), Брэила, Галац (Румыния), Измаиль (Ук­раина) жана башка шаарлар жайгашкан. Дунай – эл аралык дарыя. 1948-жылкы конвенцияда Ду­найда кеме каттоо эркиндиги аныкталган; Ду­най дарыясына чектешпеген өлкөлөрдүн аскер кеме­леринин Дунай аркылуу өтүүсүнө тыюу салынган. Конвенция режимин сактоо боюнча (жээгиндеги өлкөлөрдүн) Дунай комиссиясы түзүлгөн. | ||
чыгымы 6430 ''м''<sup>3</sup>/''сек''. Жогорку агымына чейин | |||
кеме жүрөт. | |||
өлкөлөрдүн) | |||
Ад.: ''Вагин Н. Ф., Карминский М. С.'' Река Дунай. Л., 1960; Гидрологический справочник реки Дунай. 1921–1960, Будапешт, 1965. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | Ад.: ''Вагин Н. Ф., Карминский М. С.'' Река Дунай. Л., 1960; Гидрологический справочник реки Дунай. 1921–1960, Будапешт, 1965. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
08:03, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДУНА́Й (немисче Donau, венгрче Duna, болгарча, сербче Дунав, чехче Dinaj, румынча Dunarea) – Батыш Европадагы эң ири дарыя. Узундугу 2850 км. Алабынын аянты 817 миң км2. Германия, Словакия, Венгрия, Хорватия, Сербия жана Черногория, Болгария, Румыниянын аймактары аркылуу агып өтөт. Шварцвальд тоосунун тармактарынан башталып, Венадан жогору карай көбүнчө тоолор аркылуу, андан Темир Дарбазага чейин (Румыния менен Сербиянын чегинде)

Орто жана Төмөнкү Дунай түздүктөрү аркылуу агат. Кара деңизге куярда дельтаны түзүп, 3 айрыкка (гирлого) бөлүнөт. 300дөн ашык куймасы бар (негизгилери: Драва, Тиса, Сава, Олт, Сирет, Прут). Жаз, жай айларында кирет, орточо чыгымы 6430 м3/сек. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европаны байланыштырууда транспорттук мааниси зор. Темир Дарбазада ири Жердап ГЭСи, Австрия менен Германиянын аймагында ГЭС каскады бар. Балык (көбүнчө дельтасында) кармалат. Боюнда Регенсбург (Германия), Линц, Вена (Австрия), Братислава (Словакия), Будапешт (Венгрия), Нови-Сад Белград (Сербия жана Черногория), Русе (Болгария), Брэила, Галац (Румыния), Измаиль (Украина) жана башка шаарлар жайгашкан. Дунай – эл аралык дарыя. 1948-жылкы конвенцияда Дунайда кеме каттоо эркиндиги аныкталган; Дунай дарыясына чектешпеген өлкөлөрдүн аскер кемелеринин Дунай аркылуу өтүүсүнө тыюу салынган. Конвенция режимин сактоо боюнча (жээгиндеги өлкөлөрдүн) Дунай комиссиясы түзүлгөн.
Ад.: Вагин Н. Ф., Карминский М. С. Река Дунай. Л., 1960; Гидрологический справочник реки Дунай. 1921–1960, Будапешт, 1965.