ДУНАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНА́Й (немисче Donau, венгрче Duna, болгарча, сербче Дунав, чехче Dinaj, румынча Dunarea) – Батыш Европадагы эң ири дарыя. Узундугу 2850 км. Алабынын аянты 817 миң км2. Германия, Сло­вакия, Венгрия, Хорватия, Сербия жана Черно­гория, Болгария, Румыниянын аймактары ар­кылуу агып өтөт. Шварцвальд тоосунун тармак­тарынан башталып, Венадан жогору карай көбүнчө тоолор аркылуу, андан Темир Дарбаза­га чейин (Румыния менен Сербиянын чегинде)

Ортоңку Дунай.

Орто жана Төмөнкү Дунай түздүктөрү аркылуу агат. Кара деңизге куярда дельтаны түзүп, 3 айрыкка (гирлого) бөлүнөт. 300дөн ашык куй­масы бар (негизгилери: Драва, Тиса, Сава, Олт, Сирет, Прут). Жаз, жай айларында кирет, орточо чыгымы 6430 м3/сек. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европаны байланыштырууда транспорттук мааниси зор. Темир Дарбазада ири Жердап ГЭСи, Австрия менен Гер­маниянын аймагында ГЭС каскады бар. Балык (көбүнчө дельтасында) кармалат. Боюнда Регенс­бург (Германия), Линц, Вена (Австрия), Братис­лава (Словакия), Будапешт (Венгрия), Нови-Сад Белград (Сербия жана Черногория), Русе (Бол­гария), Брэила, Галац (Румыния), Измаиль (Ук­раина) жана башка шаарлар жайгашкан. Дунай – эл аралык дарыя. 1948-жылкы конвенцияда Ду­найда кеме каттоо эркиндиги аныкталган; Ду­най дарыясына чектешпеген өлкөлөрдүн аскер кеме­леринин Дунай аркылуу өтүүсүнө тыюу салынган. Конвенция режимин сактоо боюнча (жээгиндеги өлкөлөрдүн) Дунай комиссиясы түзүлгөн.

Ад.: Вагин Н. Ф., Карминский М. С. Река Дунай. Л., 1960; Гидрологический справочник реки Дунай. 1921–1960, Будапешт, 1965.