КАН АЙЛАНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАН АЙЛАНУУ</b> – <i>кан жүрүү системасы</i> б-ча
<b type='title'>КАН АЙЛАНУУ</b> – <i>кан жүрүү системасы</i> боюнча кандын денеде жүрүшү. Кан айлануу дененин ички чөйрөсүндөгү зат алмашууну, жылуулукту жөн&shy;гө салуу, дененин бардык органдарына, тканда&shy;рына, клеткаларына керек заттарды жеткирүү, зат алмашуунун организмге керексиз заттарын бөлүп чыгаруу кызматын аткарат ж-а организм&shy;дин ар кандай функциясын гумордук жактан тейлейт. Кан айлануу – организмдин тиричилигин кам&shy;сыз кылуучу эң маанилүү физиологиялык процесс. Кан айланууну англиялык врач В. Гарвей 1628-жылы ачкан. Бул бардык жаныбарларга таандык. <i>Омурткасыз&shy;дардын</i> көпчүлүгүндө ж-а жөнөкөй түзүлүштүү хордалуу жаныбарларда кан функциясын ат&shy;каруучу биологиялык суюктук–гемолимфа туташпаган (ачык) система боюнча, ал эми кээ бир омурткасыз ж-а бардык омурткалууларда, ошондой эле, кишиде да кан туташ (туюк) система м-н айланат. Ге&shy;молимфаны же канды бул системалар м-н агы&shy;зуу ролун жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарда тамырдын жыйрылып туруучу жери, татаал түзүлүштүү жаныбарда булчуңдуу орган – жүрөк аткарат. Балыктын жүрөгү 2 камералуу. Жүрөк карынчасы жыйрылганда кан курсак толтосу&shy;на, андан бакалоор тамырларына өтөт. Анда кан кычкылтекке каныгып, көмүр кычкыл га&shy;зын чыгарып, жон толтосу аркылуу бардык органдар м-н ткандарга тарайт. Жерде-сууда жа&shy;шоочулардын 3 камералуу жүрөгүнүн карынча&shy;сынан толтого жеткен кан түздөн-түз органдар м-н ткандарга барат. Куштар, сүт эмүүчүлөр ж-а кишиде кан айлануу 4 камералуу жүрөк ишине бай&shy;ланыштуу. Сүт эмүүчүлөрдө кан айлануу эки тегеректен турат. Жүрөктүн сол карынчасынан толто ар&shy;кылуу чыгып, артерия м-н бүт денеге таралып, андан вена тамырларына чогулуп, кайра жүрөк&shy;түн оң дүлөйчөсүнө келип кирген туюк жол кан айлануунун чоң тегереги, ал эми жүрөктүн оң ка&shy;рынчасынан өпкөгө барып, андан кайра жү&shy;рөктүн сол дүлөйчөсүнө кайтуучу туюк жол кан айлануунун кичине тегереги деп аталат. Бул теге&shy;ректер аркылуу кан денеде тынымсыз жүрүп, организмдин тиричилик аракетин колдойт. <i>Кан тамыр</i> аркылуу кандын жүрүшү жүрөктүн ай&shy;дагыч функциясына байланыштуу. Жүрөк 1 ми&shy;нутада чыгарган кандын көлөмү минуталык көлөм деп аталат. Кандын жүрүшү токтоору м-н организм өлөт. Кан айлануунун бузулушуна орга&shy;низмдин жалпы өзгөрүшү, андагы түрдүү биологиялык заттар, мисалы, ички секреция бездеринин гормон&shy;дору (адреналин, серотонин ж. б.) таасир этет. Кан айлануунун бузулуусу жергиликтүү ж-а жалпы болуп бө&shy;лүнөт. Жергиликтүү бузулуу кан тамырдын <i>гипере&shy;мия,</i> ишемиясы ж. б. ооруларында байкалат. Кан айланууну жөндөө үчүн негизги ооруну (<i>жүрөк кем&shy;тиги, миокарддын инфаркты, гипертония оору&shy;су</i> ж. б.) дарылоо ж-а аны тейлөөчү нерв борбо&shy;рун жөнгө салуу зарыл.
кандын денеде жүрүшү. К. а. дененин ички
чөйрөсүндөгү зат алмашууну, жылуулукту жөн&shy;гө салуу, дененин бардык органдарына, тканда&shy;рына, клеткаларына керек заттарды жеткирүү, зат алмашуунун организмге керексиз заттарын бөлүп чыгаруу кызматын аткарат ж-а организм&shy;дин ар кандай функциясын гумордук жактан
тейлейт. К. а. – организмдин тиричилигин кам&shy;сыз кылуучу эң маанилүү физиол. процесс. К. а-ну англ. врач В. Гарвей 1628-ж. ачкан. Бул бардык жаныбарларга таандык. <i>Омурткасыз&shy;дардын</i> көпчүлүгүндө ж-а жөнөкөй түзүлүштүү хордалуу жаныбарларда кан функциясын ат&shy;каруучу биол. суюктук–гемолимфа туташпаган
(ачык) система б-ча, ал эми кээ бир омурткасыз ж-а бардык омурткалууларда, о. эле, кишиде да кан туташ (туюк) система м-н айланат. Ге&shy;молимфаны же канды бул системалар м-н агы&shy;зуу ролун жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарда та-


мырдын жыйрылып туруучу жери, татаал түзүлүштүү жаныбарда булчуңдуу орган – жүрөк
Ад.: <i>Джонсон П.,</i> Периферическое кровообращение. М., 1982; Физиология кровообращения / Под ред. Б. И. Ткаченко. Л., 1984 (Руководство по физиологии).
аткарат. Балыктын жүрөгү 2 камералуу. Жүрөк карынчасы жыйрылганда кан курсак толтосу&shy;на, андан бакалоор тамырларына өтөт. Анда кан кычкылтекке каныгып, көмүр кычкыл га&shy;зын чыгарып, жон толтосу аркылуу бардык органдар м-н ткандарга тарайт. Жерде-сууда жа&shy;шоочулардын 3 камералуу жүрөгүнүн карынча&shy;сынан толтого жеткен кан түздөн-түз органдар м-н ткандарга барат. Куштар, сүт эмүүчүлөр ж-а кишиде К. а. 4 камералуу жүрөк ишине бай&shy;ланыштуу. Сүт эмүүчүлөрдө К. а. эки тегеректен турат. Жүрөктүн сол карынчасынан толто ар&shy;кылуу чыгып, артерия м-н бүт денеге таралып, андан вена тамырларына чогулуп, кайра жүрөк&shy;түн оң дүлөйчөсүнө келип кирген туюк жол К. а-нын чоң тегереги, ал эми жүрөктүн оң ка&shy;рынчасынан өпкөгө барып, андан кайра жү&shy;рөктүн сол дүлөйчөсүнө кайтуучу туюк жол К. а-нун кичине тегереги деп аталат. Бул теге&shy;ректер аркылуу кан денеде тынымсыз жүрүп, организмдин тиричилик аракетин колдойт. <i>Кан тамыр</i> аркылуу кандын жүрүшү жүрөктүн ай&shy;дагыч функциясына байланыштуу. Жүрөк 1 ми&shy;нутада чыгарган кандын көлөмү минуталык көлөм деп аталат. Кандын жүрүшү токтоору м-н организм өлөт. К. а-нун бузулушуна орга&shy;низмдин жалпы өзгөрүшү, андагы түрдүү биол. заттар, мис., ички секреция бездеринин гормон&shy;дору (адреналин, серотонин ж. б.) таасир этет. К. а-нун бузулуусу жерг. ж-а жалпы болуп бө&shy;лүнөт. Жерг. бузулуу кан тамырдын <i>гипере&shy;мия,</i> ишемиясы ж. б. ооруларында байкалат. К. а-ну жөндөө үчүн негизги ооруну (<i>жүрөк кем&shy;тиги, миокарддын инфаркты, гипертония оору&shy;су</i> ж. б.) дарылоо ж-а аны тейлөөчү нерв борбо&shy;рун жөнгө салуу зарыл.
 
 
Ад.: <i>Джонсон П.,</i> Периферическое кровообращение.<br>
М., 1982; Физиология кровообращения / Под ред. Б. И. Ткаченко. Л., 1984 (Руководство по физиологии).


<p align='right'><i type='author'>А. Раимжанов.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>А. Раимжанов.</i></p>
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]

04:40, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАН АЙЛАНУУкан жүрүү системасы боюнча кандын денеде жүрүшү. Кан айлануу дененин ички чөйрөсүндөгү зат алмашууну, жылуулукту жөн­гө салуу, дененин бардык органдарына, тканда­рына, клеткаларына керек заттарды жеткирүү, зат алмашуунун организмге керексиз заттарын бөлүп чыгаруу кызматын аткарат ж-а организм­дин ар кандай функциясын гумордук жактан тейлейт. Кан айлануу – организмдин тиричилигин кам­сыз кылуучу эң маанилүү физиологиялык процесс. Кан айланууну англиялык врач В. Гарвей 1628-жылы ачкан. Бул бардык жаныбарларга таандык. Омурткасыз­дардын көпчүлүгүндө ж-а жөнөкөй түзүлүштүү хордалуу жаныбарларда кан функциясын ат­каруучу биологиялык суюктук–гемолимфа туташпаган (ачык) система боюнча, ал эми кээ бир омурткасыз ж-а бардык омурткалууларда, ошондой эле, кишиде да кан туташ (туюк) система м-н айланат. Ге­молимфаны же канды бул системалар м-н агы­зуу ролун жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарда тамырдын жыйрылып туруучу жери, татаал түзүлүштүү жаныбарда булчуңдуу орган – жүрөк аткарат. Балыктын жүрөгү 2 камералуу. Жүрөк карынчасы жыйрылганда кан курсак толтосу­на, андан бакалоор тамырларына өтөт. Анда кан кычкылтекке каныгып, көмүр кычкыл га­зын чыгарып, жон толтосу аркылуу бардык органдар м-н ткандарга тарайт. Жерде-сууда жа­шоочулардын 3 камералуу жүрөгүнүн карынча­сынан толтого жеткен кан түздөн-түз органдар м-н ткандарга барат. Куштар, сүт эмүүчүлөр ж-а кишиде кан айлануу 4 камералуу жүрөк ишине бай­ланыштуу. Сүт эмүүчүлөрдө кан айлануу эки тегеректен турат. Жүрөктүн сол карынчасынан толто ар­кылуу чыгып, артерия м-н бүт денеге таралып, андан вена тамырларына чогулуп, кайра жүрөк­түн оң дүлөйчөсүнө келип кирген туюк жол кан айлануунун чоң тегереги, ал эми жүрөктүн оң ка­рынчасынан өпкөгө барып, андан кайра жү­рөктүн сол дүлөйчөсүнө кайтуучу туюк жол кан айлануунун кичине тегереги деп аталат. Бул теге­ректер аркылуу кан денеде тынымсыз жүрүп, организмдин тиричилик аракетин колдойт. Кан тамыр аркылуу кандын жүрүшү жүрөктүн ай­дагыч функциясына байланыштуу. Жүрөк 1 ми­нутада чыгарган кандын көлөмү минуталык көлөм деп аталат. Кандын жүрүшү токтоору м-н организм өлөт. Кан айлануунун бузулушуна орга­низмдин жалпы өзгөрүшү, андагы түрдүү биологиялык заттар, мисалы, ички секреция бездеринин гормон­дору (адреналин, серотонин ж. б.) таасир этет. Кан айлануунун бузулуусу жергиликтүү ж-а жалпы болуп бө­лүнөт. Жергиликтүү бузулуу кан тамырдын гипере­мия, ишемиясы ж. б. ооруларында байкалат. Кан айланууну жөндөө үчүн негизги ооруну (жүрөк кем­тиги, миокарддын инфаркты, гипертония оору­су ж. б.) дарылоо ж-а аны тейлөөчү нерв борбо­рун жөнгө салуу зарыл.

Ад.: Джонсон П., Периферическое кровообращение. М., 1982; Физиология кровообращения / Под ред. Б. И. Ткаченко. Л., 1984 (Руководство по физиологии).

А. Раимжанов.