КАМЫШ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАМЫШ</b> (Scirpus) – ыраңдар тукумундагы бир | <b type='title'>КАМЫШ</b> (Scirpus) – ыраңдар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк уруусу. Гүлү кош жы­ныстуу, чатырча, шыпыргы, башча топ гүлгө чогулган. Камыштын 250дөн ашык түрү бар. Анын КМШ өлкөлөрүндө 25ке жакыны, Кыргызстанда 6 түрү бел­гилүү. Мелүүн зонада, сууда, көл, дарыя жээк­теринде, сазда өсөт. Айрым түрлөрү (токой камышы, түймөктүү деңиз камышы ж. б.) тоют өсүмдүгү. Т о­ к о й камышы – көп жылдык, тамыр-сабагы кыс­ка, андан көп жалбырактуу өркүндөрү өсүп чы­гат. Сабагынын бийиктиги 40–120 <i>см</i>, жалбырагы узун, тасма сымал, жазылыгы 2 <i>см</i>. Мөмөсү – жаңгакча. Токой ж-а тундра зоналарында та­ралган. Жаш өркүндөрүн бугу жакшы жейт. Т ү й м ө к т ү ү д е ң и з камышы нымдуу жерде, сазда жакшы өсөт. Жер алдындагы өркүнүнүн учунда анча чоң эмес түймөктөрү болот. Баш ала электе чабылып, силостолот. Түймөктөрү желет. Шалы талаасында – отоо чөп. К ө л камышы көп жылдык, сойлоп өсүүчү тамыр-сабак­туу. Көлмө түбүндө жыш өсүп, тор сымал кап­тап калат. Ондатра, суу келемишине тоют. Са­рай жабуу, жерге төшөө, кашаа кармоо ж. б-да кеңири колдонулат. Айрым жапыз өскөн түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт. | ||
же көп жылдык өсүмдүк уруусу. Гүлү кош жы­ныстуу, чатырча, шыпыргы, башча топ гүлгө | |||
чогулган. | |||
өлкөлөрүндө 25ке | |||
түймөктүү деңиз | |||
жаңгакча. Токой ж-а тундра зоналарында та­ралган. Жаш өркүндөрүн бугу жакшы жейт. Т ү й м ө к т ү ү д е ң и з | |||
желет. Шалы талаасында – отоо чөп. К ө л | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
04:27, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАМЫШ (Scirpus) – ыраңдар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк уруусу. Гүлү кош жыныстуу, чатырча, шыпыргы, башча топ гүлгө чогулган. Камыштын 250дөн ашык түрү бар. Анын КМШ өлкөлөрүндө 25ке жакыны, Кыргызстанда 6 түрү белгилүү. Мелүүн зонада, сууда, көл, дарыя жээктеринде, сазда өсөт. Айрым түрлөрү (токой камышы, түймөктүү деңиз камышы ж. б.) тоют өсүмдүгү. Т о к о й камышы – көп жылдык, тамыр-сабагы кыска, андан көп жалбырактуу өркүндөрү өсүп чыгат. Сабагынын бийиктиги 40–120 см, жалбырагы узун, тасма сымал, жазылыгы 2 см. Мөмөсү – жаңгакча. Токой ж-а тундра зоналарында таралган. Жаш өркүндөрүн бугу жакшы жейт. Т ү й м ө к т ү ү д е ң и з камышы нымдуу жерде, сазда жакшы өсөт. Жер алдындагы өркүнүнүн учунда анча чоң эмес түймөктөрү болот. Баш ала электе чабылып, силостолот. Түймөктөрү желет. Шалы талаасында – отоо чөп. К ө л камышы көп жылдык, сойлоп өсүүчү тамыр-сабактуу. Көлмө түбүндө жыш өсүп, тор сымал каптап калат. Ондатра, суу келемишине тоют. Сарай жабуу, жерге төшөө, кашаа кармоо ж. б-да кеңири колдонулат. Айрым жапыз өскөн түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.