КАР КАТМАРЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАР КАТМАРЫ</b> – кардын жаашынан пайда | <b type='title'>КАР КАТМАРЫ</b> – кардын жаашынан пайда болуп, жер бетинде жаткан кар кыртышы. Кар катмары топуракты катуу сууктан, күздүк эгинди үшүктөн сактайт. Ал климатка, рельефке, гидрологиялык ж-а топурак пайда кылуу процесстерине, өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын жашоосуна зор таасирин тийгизет. Жыл сайын жер бетинин 115тен 126 млн <i>км</i><sup>2</sup>ге чейинки аянтын каптайт (бул аянт­тын <sup>1</sup>/3 ине жакыны), деңиздик муздарга туура келет. Күн радиациясын өтө көп чагылдырат. Кыргызстан аймагына түшкөн кар катмарынын орточо калыңдыгы 10–30 <i>см</i>. Теңир-Тоонун бийик тоо­луу өрөөндөрүндө кар бирдей жаабайт. Мисалы, Кара-Кужур өрөөнүндө кардын эң жогорку орточо калыңдыгы 9 <i>см</i>, максимуму 27 <i>см</i>, Ак-Шый­рак, Каракол өрөөндөрүндө орточо 3 <i>см</i>, макси­муму 14 <i>см</i>. Кар Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталына өтө калың (150 <i>см</i>ге че­йин) түшөт. Кар катмары 1500 <i>м</i>ден жогору туруктуу болот. | ||
болуп, жер бетинде жаткан кар кыртышы. | |||
калыңдыгы 10–30 <i>см</i>. Теңир-Тоонун бийик тоо­луу өрөөндөрүндө кар бирдей жаабайт. | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
03:36, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАР КАТМАРЫ – кардын жаашынан пайда болуп, жер бетинде жаткан кар кыртышы. Кар катмары топуракты катуу сууктан, күздүк эгинди үшүктөн сактайт. Ал климатка, рельефке, гидрологиялык ж-а топурак пайда кылуу процесстерине, өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын жашоосуна зор таасирин тийгизет. Жыл сайын жер бетинин 115тен 126 млн км2ге чейинки аянтын каптайт (бул аянттын 1/3 ине жакыны), деңиздик муздарга туура келет. Күн радиациясын өтө көп чагылдырат. Кыргызстан аймагына түшкөн кар катмарынын орточо калыңдыгы 10–30 см. Теңир-Тоонун бийик тоолуу өрөөндөрүндө кар бирдей жаабайт. Мисалы, Кара-Кужур өрөөнүндө кардын эң жогорку орточо калыңдыгы 9 см, максимуму 27 см, Ак-Шыйрак, Каракол өрөөндөрүндө орточо 3 см, максимуму 14 см. Кар Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталына өтө калың (150 смге чейин) түшөт. Кар катмары 1500 мден жогору туруктуу болот.