КАРГЫШ ЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
No edit summary |
||
| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРГЫШ ЫРЛАРЫ</b> – оозеки чыгармачылыктагы <i>[[Каада-салт ырлары|каа­да-салт ырлары]]нын</i> түрү. [[Кыргыз фольклору]]н­да каргыш ырлары көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү менен салттуу [[поэзия]]нын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ыр­лар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта каргыш ырлары ал­гач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук менен тыгыз бай­ланышта болгон (мисалы: [[Байыркы грек мифтери|байыркы грек мифте­ри]]нде, шамандардын ырым-жырымдарында). | <b type='title'>КАРГЫШ ЫРЛАРЫ</b> – оозеки чыгармачылыктагы <i>[[Каада-салт ырлары|каа­да-салт ырлары]]нын</i> түрү. [[Кыргыз фольклору]]н­да каргыш ырлары көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү менен салттуу [[поэзия]]нын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ыр­лар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта каргыш ырлары ал­гач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук менен тыгыз бай­ланышта болгон (мисалы: [[Байыркы грек мифтери|байыркы грек мифте­ри]]нде, шамандардын ырым-жырымдарында) мындай көрүнүш арбын. Кийинчерээк эки же андан көп сап ыр формасында айтыла баштаган (мисалы, Муздаган таштай бол, мүлжүлгөн баштай бол! Ичкениң ирим болсун, жегениң желим болсун! Эчкинин сүтүн жутпай кал, энеңдин үнүн укпай кал! ж. б.). Айтылган каргыш багытталган адамдын тагдырына терс таасири тийген учурлар болгон. Каргышты илгертен «касиеттүү» деп эсептелген адамдар айткан. Элдик эпикалык чыгармалардын (эпостордун, легенда, миф, уламыштардын) тексттеринде (мисалы, «Манас» үчилтигинде, «Эр Төштүк», «Кожожаш», «Курманбек» эпосторунда) каргыш белгилүү бир окуянын андан ары өнүгүшүнө шарт түзөт. Ал түрк тилдүү элдердин фольклорунда да кездешет. | ||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
04:51, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРГЫШ ЫРЛАРЫ – оозеки чыгармачылыктагы каада-салт ырларынын түрү. Кыргыз фольклорунда каргыш ырлары көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү менен салттуу поэзиянын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ырлар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта каргыш ырлары алгач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук менен тыгыз байланышта болгон (мисалы: байыркы грек мифтеринде, шамандардын ырым-жырымдарында) мындай көрүнүш арбын. Кийинчерээк эки же андан көп сап ыр формасында айтыла баштаган (мисалы, Муздаган таштай бол, мүлжүлгөн баштай бол! Ичкениң ирим болсун, жегениң желим болсун! Эчкинин сүтүн жутпай кал, энеңдин үнүн укпай кал! ж. б.). Айтылган каргыш багытталган адамдын тагдырына терс таасири тийген учурлар болгон. Каргышты илгертен «касиеттүү» деп эсептелген адамдар айткан. Элдик эпикалык чыгармалардын (эпостордун, легенда, миф, уламыштардын) тексттеринде (мисалы, «Манас» үчилтигинде, «Эр Төштүк», «Кожожаш», «Курманбек» эпосторунда) каргыш белгилүү бир окуянын андан ары өнүгүшүнө шарт түзөт. Ал түрк тилдүү элдердин фольклорунда да кездешет.