КАЛИЕВ Рысбек: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Dilde moved page КАЛИЕВ to КАЛИЕВ Рысбек) |
(Айырма жок)
| |
04:35, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛИЕВ Рысбек (22.2.1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Тоң айылы) – медицина илимдеринин доктору (2004). КРдин эмгек сиңирген врачы (2009). КММИни (1974), Москва медициналык институтунун аспирантурасын (1979) бүтүргөн. КММИде ассистент (1979–87), доцент (1987–88), кафедра башчысы (1988–2004), проректор (2004–08) болуп иштеген. 2008-жылдан кафедра башчысы. 60тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы бар.
Эмг.: Бөйрөктүн бруцеллёздо жабыркоосу (авторлош). Б., 1999; Өнөкөт гломерулонефрит тоо шартында. Б., 2002.