КАЛИЕВ Рысбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАЛИЕВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИЕВ Рысбек (22.2.1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Тоң айылы) – медицина илимдеринин доктору (2004). КРдин эмгек сиңирген врачы (2009). КММИни (1974), Москва медициналык институтунун аспиран­турасын (1979) бүтүргөн. КММИде ассистент (1979–87), доцент (1987–88), кафедра башчысы (1988–2004), проректор (2004–08) болуп иште­ген. 2008-жылдан кафедра башчысы. 60тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы бар.

Эмг.: Бөйрөктүн бруцеллёздо жабыркоосу (автор­лош). Б., 1999; Өнөкөт гломерулонефрит тоо шартын­да. Б., 2002.