КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ (Талас районунун аймагында): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

03:46, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ Кыргыз Ала-Тоосу ж-а анын тармактары Орто-Тоо, Бакай-Таш, Кошой- Таш тоолорунун аралыгында, Талас районунун аймагында. Каракол суусунун агымы м-н кең­дик багытында 99 кмге созулат. Туурасы 7 км. Өрөөн деңиз деңгээлинен 1600–3000 м бийикте жатат.
Курчап жаткан тоолордун чокулары өрөөндүн таманынан 1300–1600 м көтөрүңкү жатат.
Өрөөндүн башы кууш капчыгай, Орто-Тоо м-н

Өрөөндөгү Көпүрө-Базар кыштагы. Арткы планда Кыргыз Ала-Тоосу.

Бакай-Таштын аралыгында 10–12 кмге кеңийт, андан ары батышка карай бир аз кууштап, аяк жагында кайра кеңейип, Талас өрөөнүнө чыгат.
Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин кум, шагыл, чопо шилендилеринен, тоо капталдары ортоңку палеозойдун андезиттүү ж-а базальттуу порфирит, туф ж. б. тектеринен турат. Клима­ты мелүүн континенттик; июлдун орточо температурасы 13–14°С, январдыкы –1...–8°С, жылдык жаан­чачыны 300–450 мм. Өрөөндүн таманына талаа ж-а шалбаалуу талаа, жайылмаларда шалбаа­луу токой, тоо капталдарына талаа (2700 мге чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (2700–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шал­баалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт, чабынды, батышы айдоо ка­тары пайдаланылат. Өрөөндө Талас районунун Кө­пүрө-Базар, Арал, Үч-Эмчек кыштактары жайгашкан.