КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ (Талас районунун аймагында)
КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ Кыргыз Ала-Тоосу ж-а анын тармактары Орто-Тоо, Бакай-Таш, Кошой- Таш тоолорунун аралыгында, Талас районунун аймагында. Каракол суусунун агымы м-н кеңдик багытында 99 кмге созулат. Туурасы 7 км. Өрөөн деңиз деңгээлинен 1600–3000 м бийикте жатат.
Курчап жаткан тоолордун чокулары өрөөндүн таманынан 1300–1600 м көтөрүңкү жатат.
Өрөөндүн башы кууш капчыгай, Орто-Тоо м-н

Бакай-Таштын аралыгында 10–12 кмге кеңийт, андан ары батышка карай бир аз кууштап, аяк жагында кайра кеңейип, Талас өрөөнүнө чыгат.
Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин кум, шагыл, чопо шилендилеринен, тоо капталдары ортоңку палеозойдун андезиттүү ж-а базальттуу порфирит, туф ж. б. тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик; июлдун орточо температурасы 13–14°С, январдыкы –1...–8°С, жылдык жаанчачыны 300–450 мм. Өрөөндүн таманына талаа ж-а шалбаалуу талаа, жайылмаларда шалбаалуу токой, тоо капталдарына талаа (2700 мге чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (2700–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт, чабынды, батышы айдоо катары пайдаланылат. Өрөөндө Талас районунун Көпүрө-Базар, Арал, Үч-Эмчек кыштактары жайгашкан.