КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (минералдуу суу булактары): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ to КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (минералдуу суу булактары)) |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – Ош ж-а | <b type='title'>КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – Ош ж-а Нарын облустарынын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фер­гана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш кап­талдарында. Булактардын жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турушу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү болсо да, геологиялык изилдөө 1951-жылы жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чы­гыш Каракол деп аталат. Б а т ы ш К а р а­ к о л Ош шаарынан 150 <i>км</i> чыгыш тарапта, Кара- Кулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 3100 <i>м</i> бийик­те. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кум­дук катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө жер бетине чыгат. Ч ы г ы ш К а р а­ к о л Ат-Башы кыштагынан 115 <i>км</i> түштүк-батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Каракол­дун боюнда, деңиз деңгээлинен 3250 <i>м</i> бийикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тек­тери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктө­лүүнүн борбордук бөлүгүндөгү тектоникалык жарака аркы­луу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын деби­ти 0,4–5 <i>л/сек</i>. Химиялык курамы ж-а физикалык касиетте­ри боюнча бул эки булак бири-биринен көп айырмаланбайт. Суусу муздак (5–9°), тузсуз, жыт­сыз, даамы кычкыл (pH 6,5) келип, курамы гидро-карбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы ми­нералдашы 0,91–1,16 <i>мг/л.</i> Суудан көмүр кыч­кыл газы бөлүнүп турат. Анын эриндисинин суудагы өлчөмү 560–916 <i>мг/л</i> (Батыш Каракол), 360–963 <i>мг/л</i> (Чыгыш Каракол). Минералданы­шы, химиялык ж-а газдык курамы боюнча Батыш Ка­ракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Ека­таран булагы) жакын, Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет. | ||
Нарын | |||
чыгып, газ бөлүп турушу | |||
<p align='right'><i type='author'>К. Кожобаев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>К. Кожобаев.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
10:34, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ош ж-а Нарын облустарынын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фергана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш капталдарында. Булактардын жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турушу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү болсо да, геологиялык изилдөө 1951-жылы жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чыгыш Каракол деп аталат. Б а т ы ш К а р а к о л Ош шаарынан 150 км чыгыш тарапта, Кара- Кулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 3100 м бийикте. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кумдук катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө жер бетине чыгат. Ч ы г ы ш К а р а к о л Ат-Башы кыштагынан 115 км түштүк-батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Караколдун боюнда, деңиз деңгээлинен 3250 м бийикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тектери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктөлүүнүн борбордук бөлүгүндөгү тектоникалык жарака аркылуу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын дебити 0,4–5 л/сек. Химиялык курамы ж-а физикалык касиеттери боюнча бул эки булак бири-биринен көп айырмаланбайт. Суусу муздак (5–9°), тузсуз, жытсыз, даамы кычкыл (pH 6,5) келип, курамы гидро-карбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы минералдашы 0,91–1,16 мг/л. Суудан көмүр кычкыл газы бөлүнүп турат. Анын эриндисинин суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол). Минералданышы, химиялык ж-а газдык курамы боюнча Батыш Каракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Екатаран булагы) жакын, Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет.
К. Кожобаев.