КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (дарылык касиети бар суу): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ 1 to КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (дарылык касиети бар суу)) |
(Айырма жок)
| |
10:33, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Казыбек кыштагынан 65–70 км түштүк-батышта. Какшаал кырка тоосунун түндүк этегинде, Арпа ж-а Каракол (чыгыш) сууларынын кошулган жеринде. Деңиз деңгээлинен 3200 м бийикте. Суу жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1932-жылы геологиялык маалымат берилген. Кен аймагын палеозой м-н мезозойдо пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ тектери түзөт. Минералдуу булак юранын карбонаттуу кумдук, акиташ тектериндеги тектоникалык жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темир гидрооксиди басымдуу болгондуктан, булак агып чыккан жердеги тектерде саргыч күрөң дат кездешет. Температурасы 6°С. Курамы гидрокарбонат-сульфаткальций-магнийлүү. Дебити 5 л/сек.