КАРА-СУУ (Нарындын оң куймасы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-СУУ 1 to КАРА-СУУ (Нарындын оң куймасы)) |
(Айырма жок)
| |
08:55, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-СУУ – Аксы районунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарындын оң куймасы. Узундугу 85 км, алабынын аянты 2800 км2. Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталынан башталып, жогорку бөлүгүндө кууш ж-а терең капчыгай, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрүндө кенен ж-а токойлуу өрөөн м-н агат. Өрөөнүндө шилендилер, шагыл таштар ж-а мореналар кезигет. Алабында көлдөр бар. Жылдык орточо чыгымы 41,2 м3/сек. Эң көп чыгымы май айында, азы январда байкалат. Ири куймалары: Кожо-Ата, Авлетим, Турдук, Ак-Жол. Сугатка пайдаланылат. Алабынан Сары-Челек көлү ж-а коругу орун алган. Жээгинде Ак-Жол, Кара-Суу, Тегене кыштактары жайгашкан.