ДНЕПР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДНЕПР''' (байыркы | '''ДНЕПР''' (байыркы грекче Борисфен) – Россия, Бе­ларусия жана Украина аймактары аркылуу ак­кан дарыя. Узундугу (2200 ''км'') боюнча Европадагы үчүнчү дарыя (Волга менен Дунайдан кийин). Алабынын аянты 504 миң ''км''<sup>2</sup>. Валдай дөңсөөсүнөн башта­лып, Кара деңиздин Днепр лиманына куят. Жо­горку бөлүгү кууш өрөөн, Орша шаары тушта кум жалчалары аркылуу агып, Кобеляк босогосун пайда кылат; төмөнкү агымында жайылмасы кеңеет. Башкы куймалары: Березина, Припять, Ингулец (оң), Сож, Десна, Псел, Ворскла (сол). Орточо чыгымы 1700 ''м''<sup>3</sup>/''сек''. Төмөн жагы декабр­дан мартка чейин, жогорку жагы апрелдин ба-[[File:ДНЕПР17.png | thumb | Днепр меандрасы.]] | ||
шына чейин тоңот. Буг менен Днепр-Буг каналы аркылуу байланышат. Суу менен камсыз кылуу­да жана сугатка (сугат каналдары: Днепр – Кривой Рог, Днепр – Донбасс, Түндүк Крым) пайдаланылат.<br>Чатынан 1677 ''км''ге чейин кеме жүрөт. Ортоңку жана төмөнкү агымында ГЭС каскаддары жана суу сактагычтар курулган. Боюнда Смоленск (Рос­сия), Могилёв (Беларусия), Киев, Черкассы, Кре­менчуг, Днепродзержинск, Днепропетровск, За­порожье, Никополь, Херсон (Украина) шаарлары жай­гашкан. | |||
[[File:ДНЕПР17.png | thumb | Днепр меандрасы.]] | |||
шына чейин тоңот. Буг | |||
<br>Чатынан 1677 ''км''ге чейин кеме жүрөт. Ортоңку | |||
Ад.: ''Лапоногов А. Н.'' По Днепру (Путеводитель). М., 1970. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | Ад.: ''Лапоногов А. Н.'' По Днепру (Путеводитель). М., 1970. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
04:29, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДНЕПР (байыркы грекче Борисфен) – Россия, Беларусия жана Украина аймактары аркылуу аккан дарыя. Узундугу (2200 км) боюнча Европадагы үчүнчү дарыя (Волга менен Дунайдан кийин). Алабынын аянты 504 миң км2. Валдай дөңсөөсүнөн башталып, Кара деңиздин Днепр лиманына куят. Жогорку бөлүгү кууш өрөөн, Орша шаары тушта кум жалчалары аркылуу агып, Кобеляк босогосун пайда кылат; төмөнкү агымында жайылмасы кеңеет. Башкы куймалары: Березина, Припять, Ингулец (оң), Сож, Десна, Псел, Ворскла (сол). Орточо чыгымы 1700 м3/сек. Төмөн жагы декабрдан мартка чейин, жогорку жагы апрелдин ба-

шына чейин тоңот. Буг менен Днепр-Буг каналы аркылуу байланышат. Суу менен камсыз кылууда жана сугатка (сугат каналдары: Днепр – Кривой Рог, Днепр – Донбасс, Түндүк Крым) пайдаланылат.
Чатынан 1677 кмге чейин кеме жүрөт. Ортоңку жана төмөнкү агымында ГЭС каскаддары жана суу сактагычтар курулган. Боюнда Смоленск (Россия), Могилёв (Беларусия), Киев, Черкассы, Кременчуг, Днепродзержинск, Днепропетровск, Запорожье, Никополь, Херсон (Украина) шаарлары жайгашкан.
Ад.: Лапоногов А. Н. По Днепру (Путеводитель). М., 1970.