ДНЕПР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДНЕПР (байыркы грекче Борисфен) – Россия, Бе­ларусия жана Украина аймактары аркылуу ак­кан дарыя. Узундугу (2200 км) боюнча Европадагы үчүнчү дарыя (Волга менен Дунайдан кийин). Алабынын аянты 504 миң км2. Валдай дөңсөөсүнөн башта­лып, Кара деңиздин Днепр лиманына куят. Жо­горку бөлүгү кууш өрөөн, Орша шаары тушта кум жалчалары аркылуу агып, Кобеляк босогосун пайда кылат; төмөнкү агымында жайылмасы кеңеет. Башкы куймалары: Березина, Припять, Ингулец (оң), Сож, Десна, Псел, Ворскла (сол). Орточо чыгымы 1700 м3/сек. Төмөн жагы декабр­дан мартка чейин, жогорку жагы апрелдин ба-

Днепр меандрасы.

шына чейин тоңот. Буг менен Днепр-Буг каналы аркылуу байланышат. Суу менен камсыз кылуу­да жана сугатка (сугат каналдары: Днепр – Кривой Рог, Днепр – Донбасс, Түндүк Крым) пайдаланылат.
Чатынан 1677 кмге чейин кеме жүрөт. Ортоңку жана төмөнкү агымында ГЭС каскаддары жана суу сактагычтар курулган. Боюнда Смоленск (Рос­сия), Могилёв (Беларусия), Киев, Черкассы, Кре­менчуг, Днепродзержинск, Днепропетровск, За­порожье, Никополь, Херсон (Украина) шаарлары жай­гашкан.

Ад.: Лапоногов А. Н. По Днепру (Путеводитель). М., 1970.