КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – дарылык
<b type='title'>КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – дарылык касиети бар минералдуу суу булактары. Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 40 <i>км</i> түштүк тарапта, Кара-Кече суусунун оң куймасы – Катраң-Сайдын боюнда, деңиз деңгээлинен 3100 <i>м</i> би&shy;йикте. 1947-жылы табылып, 1960–66-жылдарда изилден&shy;ген. Булактар карбон мезгилиндеги акиташтан ж-а юранын көмүрлүү чопосунун чегиндеги тек&shy;тоникалык жаракалардан агып чыгат. Кара-Кече минералдуу суусу көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан муз&shy;дак сууларга кирет. Суу тунук, жытсыз, газдуу, даамы кычкыл, температурасы 3–4°С. Булактардын дебити 0,35–0,4 <i>л/сек</i>дан 1,0–1,5 <i>л/сек</i>га че&shy;йин. Химиялык курамы боюнча гидрокарбонат-сульфат&shy;кальций-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО<sub>2</sub>нин өлчөмү 1568–2335 <i>мг/л.</i> Жалпы минералданы&shy;шы 2,6480 <i>г/л,</i> кургак калдыгы 1,8110 <i>г/л.</i> Суу&shy;нун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кыч&shy;кыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну жергиликтүү эл ичеги-карын, ашказан ооруларын да&shy;рылоо үчүн пайдаланат.
касиети бар минералдуу суу булактары. Нарын
 
 
обл-нун Жумгал р-нунда, Чаек кыш-нан 40 <i>км</i>
түш. тарапта, Кара-Кече суусунун оң куймасы –
Катраң-Сайдын боюнда, деңиз деңг. 3100 <i>м</i> би&shy;йикте. 1947-ж. табылып, 1960–66-ж. изилден&shy;ген. Булактар карбон мезгилиндеги акиташтан ж-а юранын көмүрлүү чопосунун чегиндеги тек&shy;тон. жаракалардан агып чыгат. К.-К. м. с. көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан муз&shy;дак сууларга кирет. Суу тунук, жытсыз, газдуу,
даамы кычкыл, темп-расы 3–4°С. Булактардын
дебити 0,35–0,4 <i>л/сек</i>дан 1,0–1,5 <i>л/сек</i>га че&shy;йин. Хим. курамы б-ча гидрокарбонат-сульфат&shy;кальций-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО<sub>2</sub>нин
өлчөмү 1568–2335 <i>мг/л.</i> Жалпы минералданы&shy;шы 2,6480 <i>г/л,</i> кургак калдыгы 1,8110 <i>г/л.</i> Суу&shy;нун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кыч&shy;кыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну жерг. эл ичеги-карын, ашказан ооруларын да&shy;рылоо үчүн пайдаланат.
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]

10:28, 14 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРА-КЕЧЕ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарылык касиети бар минералдуу суу булактары. Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 40 км түштүк тарапта, Кара-Кече суусунун оң куймасы – Катраң-Сайдын боюнда, деңиз деңгээлинен 3100 м би­йикте. 1947-жылы табылып, 1960–66-жылдарда изилден­ген. Булактар карбон мезгилиндеги акиташтан ж-а юранын көмүрлүү чопосунун чегиндеги тек­тоникалык жаракалардан агып чыгат. Кара-Кече минералдуу суусу көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан муз­дак сууларга кирет. Суу тунук, жытсыз, газдуу, даамы кычкыл, температурасы 3–4°С. Булактардын дебити 0,35–0,4 л/секдан 1,0–1,5 л/секга че­йин. Химиялык курамы боюнча гидрокарбонат-сульфат­кальций-магнийлүү. Эриген түрүндөгү СО2нин өлчөмү 1568–2335 мг/л. Жалпы минералданы­шы 2,6480 г/л, кургак калдыгы 1,8110 г/л. Суу­нун дарылык касиети Кавказдагы көмүр кыч­кыл газдуу нарзан сууларынан кем эмес. Сууну жергиликтүү эл ичеги-карын, ашказан ооруларын да­рылоо үчүн пайдаланат.