КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ – </b>б. з. ч. 4–
<b type='title'>КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ – </b>биздин заманга чейинки IV–I кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Өзгөн шаарынан 15 <i>км</i> түштүк-чыгышта, Кара-Дарыя суусунун оң тарабында, Тар жана Кара-Кулжа сууларынын ко&shy;шулган жеринде, бийик секиде жайгашкан. Те&shy;герете аң менен курчалып, чарчы үлгүдө, аянты 10 <i>га</i>дай. Дубалдын узундугу 320–330 <i>м</i>; кароол муна&shy;ралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, дубалынын бийиктиги 10 <i>м</i>. Археологиялык изилдөөлөрдө Шоро-Башат маданиятына мүнөздүү (биздин заманга чейинки IV–I кылымдар) оймо-чиймелер менен кооз&shy;долгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чо&shy;подон жасалган ийиктин баштары, темир ша&shy;кекчелер табылган. 1958–1959-жылдары археологдор Ю. А. Заднепровский жана Д. Ф. Винник казып, изилдешкен.
1-к-га таандык археол. эстелик. Өзгөн ш-нан 15 <i>км</i> түш.-чыгышта, Кара-Дарыя суусунун оң тарабында, Тар ж-а Кара-Кулжа сууларынын ко&shy;шулган жеринде, бийик секиде жайгашкан. Те&shy;герете аң м-н курчалып, чарчы үлгүдө, аянты
10 <i>га</i>дай. Дубалдын уз. 320–330 <i>м</i>; кароол муна&shy;ралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, дубалынын бийикт. 10 <i>м</i>. Археол. изилдөөлөрдө Шоро-Башат мад-тына
мүнөздүү (б. з. ч. 4–1-к.) оймо-чиймелер м-н кооз&shy;долгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чо&shy;подон жасалган ийиктин баштары, темир ша&shy;кекчелер табылган. 1958–59-ж. археологдор
Ю. А. Заднепровский ж-а Д. Ф. Винник казып, изилдешкен.
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]

08:15, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ – биздин заманга чейинки IV–I кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Өзгөн шаарынан 15 км түштүк-чыгышта, Кара-Дарыя суусунун оң тарабында, Тар жана Кара-Кулжа сууларынын ко­шулган жеринде, бийик секиде жайгашкан. Те­герете аң менен курчалып, чарчы үлгүдө, аянты 10 гадай. Дубалдын узундугу 320–330 м; кароол муна­ралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, дубалынын бийиктиги 10 м. Археологиялык изилдөөлөрдө Шоро-Башат маданиятына мүнөздүү (биздин заманга чейинки IV–I кылымдар) оймо-чиймелер менен кооз­долгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чо­подон жасалган ийиктин баштары, темир ша­кекчелер табылган. 1958–1959-жылдары археологдор Ю. А. Заднепровский жана Д. Ф. Винник казып, изилдешкен.