КАПТАЛ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАПТАЛ</b> , т о о к а п т а л ы – кургактыктагы | <b type='title'>КАПТАЛ</b> , т о о к а п т а л ы – кургактыктагы (тоо, дөңсөө, өрөөн капталдары ж. б.), ошондой эле, океан, деңиз түптөрүндөгү (суу астындагы) тоо­лордун, дөңсөөлөрдүн капталдары, материктик каптал, ички ж-а сырткы күчтөрдүн натый­жасында пайда болгон жантайыңкы жер, бет. Капталдын турпаты ал жерди түзүп жаткан тоо тек­тердин курамына ж-а түзүлүшүнө, абсолюттук ж-а са­лыштырмалуу бийиктигине,каптал процесстеринин ургаалдуулугуна, климат, өсүмдүк ж. б. таби­гый чөйрөнүн компоненттеринин өзгөчөлүктөрү­нө, каптал экспозицияларына байланыштуу болот. Каптал түз, дөмпөйгөн, кайкылуу (ичин көздөй чуң­курайган), татаал түзүлүштүү, тепкичтүү түрлөрү бар. Капталдын формасынын түрү аны түзүп турган тоо тектердин туруктуулугуна жараша болот. Рельефти пайда кылуу мүнөзүнө карата капталда <i>кар көчкү, жер көчкү, солифлюкция,</i> делювий, эрозиялык ж. б. процесстер жүрөт. «Каптал» терми­нинин бет, <i>боор,</i> дөш, төш, кадуу сыяктуу си­нонимдери да бар. Топонимдин бир компонен­ти катары да кездешет. Мисалы, Каптал-Арык ж. б. | ||
(тоо, дөңсөө, өрөөн капталдары ж. б.), | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
03:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАПТАЛ , т о о к а п т а л ы – кургактыктагы (тоо, дөңсөө, өрөөн капталдары ж. б.), ошондой эле, океан, деңиз түптөрүндөгү (суу астындагы) тоолордун, дөңсөөлөрдүн капталдары, материктик каптал, ички ж-а сырткы күчтөрдүн натыйжасында пайда болгон жантайыңкы жер, бет. Капталдын турпаты ал жерди түзүп жаткан тоо тектердин курамына ж-а түзүлүшүнө, абсолюттук ж-а салыштырмалуу бийиктигине,каптал процесстеринин ургаалдуулугуна, климат, өсүмдүк ж. б. табигый чөйрөнүн компоненттеринин өзгөчөлүктөрүнө, каптал экспозицияларына байланыштуу болот. Каптал түз, дөмпөйгөн, кайкылуу (ичин көздөй чуңкурайган), татаал түзүлүштүү, тепкичтүү түрлөрү бар. Капталдын формасынын түрү аны түзүп турган тоо тектердин туруктуулугуна жараша болот. Рельефти пайда кылуу мүнөзүнө карата капталда кар көчкү, жер көчкү, солифлюкция, делювий, эрозиялык ж. б. процесстер жүрөт. «Каптал» термининин бет, боор, дөш, төш, кадуу сыяктуу синонимдери да бар. Топонимдин бир компоненти катары да кездешет. Мисалы, Каптал-Арык ж. б.