КАПКА КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАПКА КАПЧЫГАЙЫ</b> – Талас өрөөнүнүн түн­дүгүндөгү Эчкили-Тоону туурасынан кесип өткөн антецеденттик капчыгай. Кара-Буура ж-а Ма­нас | <b type='title'>КАПКА КАПЧЫГАЙЫ</b> – Талас өрөөнүнүн түн­дүгүндөгү Эчкили-Тоону туурасынан кесип өткөн антецеденттик капчыгай. Кара-Буура ж-а Ма­нас райондорунун аймагында. Түштүк-чыгыштан түндүк- батышты карай жарыш жаткан Чоң Капка (узундугу 2–3 <i>км</i>, жазылыгы 200 <i>м</i>ге чейин) ж-а Кичи Капка (узундугу 0,8–1,0 <i>км</i>, жазылыгы 250 <i>м</i>ге че­йин) деген эки капчыгайдан турат. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 900–950 <i>м</i>. Рельефи зоока­луу. Капчыгай протерозойдун сланец, кумдук, чопо тектеринен түзүлгөн. Таманы, этектери ж-а капталдары неогендин шагыл, кум, чопо­лорунан турат. Климаты континенттик. Январ­дын орточо температурасы –8,0°С, июлдуку 21,3°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 160–170 <i>мм</i>. Чоң Капка аркылуу Талас суусу агып өтөт. Чоң Кап­ка тосулуп, Кара-Буура суу сактагычы курул­ган. Ал калктын эс алуу жайына айланган.<br>Кичи Капкадан Бишкек–Талас автомобиль жолу өтөт. Капчыгайдын аймагына жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Таманы шалбаалуу саздак топурактуу. Шыбак, ак кыл­кан, кара кыяк, чий, эрмен, эфемерлер өсөт. Та­лас суусунун боюнда терек, бадалдуу токой бар. | ||
2–3 <i>км</i>, жазылыгы 200 <i>м</i>ге чейин) ж-а Кичи | |||
Капка ( | |||
чопо тектеринен түзүлгөн. Таманы, этектери ж-а капталдары неогендин шагыл, кум, чопо­лорунан турат. Климаты континенттик. Январ­дын | |||
Жылдык | |||
Капка аркылуу Талас суусу агып өтөт. Чоң Кап­ка тосулуп, Кара-Буура суу сактагычы курул­ган. Ал калктын эс алуу жайына айланган.<br> | |||
Кичи Капкадан Бишкек–Талас автомобиль жолу | |||
өтөт. Капчыгайдын аймагына жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Таманы шалбаалуу саздак топурактуу. Шыбак, ак кыл­кан, кара кыяк, чий, эрмен, эфемерлер өсөт. Та­лас суусунун боюнда терек, бадалдуу токой бар. | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
07:49, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАПКА КАПЧЫГАЙЫ – Талас өрөөнүнүн түндүгүндөгү Эчкили-Тоону туурасынан кесип өткөн антецеденттик капчыгай. Кара-Буура ж-а Манас райондорунун аймагында. Түштүк-чыгыштан түндүк- батышты карай жарыш жаткан Чоң Капка (узундугу 2–3 км, жазылыгы 200 мге чейин) ж-а Кичи Капка (узундугу 0,8–1,0 км, жазылыгы 250 мге чейин) деген эки капчыгайдан турат. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 900–950 м. Рельефи зоокалуу. Капчыгай протерозойдун сланец, кумдук, чопо тектеринен түзүлгөн. Таманы, этектери ж-а капталдары неогендин шагыл, кум, чополорунан турат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –8,0°С, июлдуку 21,3°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 160–170 мм. Чоң Капка аркылуу Талас суусу агып өтөт. Чоң Капка тосулуп, Кара-Буура суу сактагычы курулган. Ал калктын эс алуу жайына айланган.
Кичи Капкадан Бишкек–Талас автомобиль жолу өтөт. Капчыгайдын аймагына жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Таманы шалбаалуу саздак топурактуу. Шыбак, ак кылкан, кара кыяк, чий, эрмен, эфемерлер өсөт. Талас суусунун боюнда терек, бадалдуу токой бар.