КАНТАТА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНТА́ТА</b> (латынча cantare – ырдоо) – солист, хор жана оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокал­дык-аспаптык чыгарма. Кантата салтанаттуу, куба­нычтуу, лирикалык, кайгылуу жана баяндоо мү­нөзүндө болот да, жарандык жана диний деп бөлүнөт. Адатта кантата оркестрдик киришмеден, ари­ялардан, речитативдерден жана хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын чакандыгы менен айырмаланат. Кантата | <b type='title'>КАНТА́ТА</b> (латынча cantare – ырдоо) – солист, хор жана оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокал­дык-аспаптык чыгарма. Кантата салтанаттуу, куба­нычтуу, лирикалык, кайгылуу жана баяндоо мү­нөзүндө болот да, жарандык жана диний деп бөлүнөт. Адатта кантата оркестрдик киришмеден, ари­ялардан, речитативдерден жана хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын чакандыгы менен айырмаланат. Кантата XVII кылымдын 1-жа­рымында Италияда пайда болгон. Италян кантатасынын гүлдөп-өсүшү XVII кылымда А. Скарлатти, Ж. Карис­сими, Ф. Кавалли жана башка композиторлордун чыгармачы­лыгы менен мүнөздөлөт. И. С. Бах жарандык жана диний кантатанын жогорку көркөмдүктөгү үлгүлөрүн жараткан. XVIII–XIX кылымдарда композиторлор Г. Гендель, В. Мо­царт, П. Чайковский, Н. Римский-Корсаков жана башкалар бир топ олуттуу кантаталарды жазган. Кантатада хордун ролу кеңейип, элдик ырлардын интонацияла­ры колдонулат. Композиторлор С. Прокофьевдин «Алек­сандр Невский», Ю. Шапориндин «Куликов та­лаасында», кыргыз музыкасында М. Абдраев­дин «Гүлдөгөн Кыргызстан», К. Молдобасанов­дун «Кыргызстан гүлдөсүн» жана башка көрүнүктүү кантаталар бар. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
07:52, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНТА́ТА (латынча cantare – ырдоо) – солист, хор жана оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокалдык-аспаптык чыгарма. Кантата салтанаттуу, кубанычтуу, лирикалык, кайгылуу жана баяндоо мүнөзүндө болот да, жарандык жана диний деп бөлүнөт. Адатта кантата оркестрдик киришмеден, ариялардан, речитативдерден жана хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын чакандыгы менен айырмаланат. Кантата XVII кылымдын 1-жарымында Италияда пайда болгон. Италян кантатасынын гүлдөп-өсүшү XVII кылымда А. Скарлатти, Ж. Кариссими, Ф. Кавалли жана башка композиторлордун чыгармачылыгы менен мүнөздөлөт. И. С. Бах жарандык жана диний кантатанын жогорку көркөмдүктөгү үлгүлөрүн жараткан. XVIII–XIX кылымдарда композиторлор Г. Гендель, В. Моцарт, П. Чайковский, Н. Римский-Корсаков жана башкалар бир топ олуттуу кантаталарды жазган. Кантатада хордун ролу кеңейип, элдик ырлардын интонациялары колдонулат. Композиторлор С. Прокофьевдин «Александр Невский», Ю. Шапориндин «Куликов талаасында», кыргыз музыкасында М. Абдраевдин «Гүлдөгөн Кыргызстан», К. Молдобасановдун «Кыргызстан гүлдөсүн» жана башка көрүнүктүү кантаталар бар.