КАНТ (немис философу): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page КАНТ 1 to КАНТ (немис философу)) |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНТ</b> Иммануил (22. 4. 1724, Кёнигсберг, азыр­кы Калининград – 12. 2. 1804, ошол эле жер) – | <b type='title'>КАНТ</b> '''Иммануил''' (22. 4. 1724, Кёнигсберг, азыр­кы Калининград – 12. 2. 1804, ошол эле жер) – | ||
[[File:КАНТ 121.png | thumb | none]] | [[File:КАНТ 121.png | thumb | none]] | ||
немис философу, немис классикалык филосо­фиясынын негиздөөчүсү. Кёнигсберг | немис философу, немис классикалык филосо­фиясынын негиздөөчүсү. Кёнигсберг университетинин профессору. Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү (1704). 1747–55-жылдарда күн системасы­нын баштапкы тумандуулуктан келип чыкканды­гы жөнүндө космого­ниялык гипотеза­ны иштеп чыккан («Жалпы таби­гый тарых жана асман теориясы», 1755). 1770-жыл­дан «сынчыл фи­лософияны» өнүк­түрүп («Таза акыл-эсти сындоо», 1781; «Прак­тикалык акыл-эсти сындоо», 1788; «Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн сындоо», 1890) эмгектеринде кургак ой жүгүртмө метафизиканын ж-а скеп­тицизмдин догматизмине каршы чыгып, тааны­лып билинбөөчү «өзүндөгү нерселер» (туюмдун объективдүү булагы) ж-а чексиз, мүмкүн таж­рыйбалар чөйрөсүн түзүүчү таанылып билинүүчү кубулуштар жөнүндөгү дуалисттик окууну киргиз­ген. Таанымдын шарты – туюмдардын баш ала­мандыгын (хаосун) иретке салуучу жалпы маа­нилүү априордук формалар. Кудай, боштондук, өлбөстүк идеялары теориялык жактан далилденбеге­ни м-н «практикалык акыл-эстин» постулатта­ры, адеп-ахлактын зарыл өбөлгөлөрү болот. Парыз түшүнүгүнө негизделген Кант этикасынын борбордук принциби – категориялык императив. Канттын теориялык акыл-эс антиномиясы жөнүндөгү окуу­су диалектиканын өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Марксизм-ленинизм классиктери Канттын фило­софиясын сынга алып, анда субъективдүү идеа­листтик, агностикалык ж-а материалисттик тенденция­лар аралашып кеткендигин көрсөткөн. | ||
ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү | |||
(1704). 1747–55- | |||
өлбөстүк идеялары | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
05:34, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНТ Иммануил (22. 4. 1724, Кёнигсберг, азыркы Калининград – 12. 2. 1804, ошол эле жер) –

немис философу, немис классикалык философиясынын негиздөөчүсү. Кёнигсберг университетинин профессору. Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү (1704). 1747–55-жылдарда күн системасынын баштапкы тумандуулуктан келип чыккандыгы жөнүндө космогониялык гипотезаны иштеп чыккан («Жалпы табигый тарых жана асман теориясы», 1755). 1770-жылдан «сынчыл философияны» өнүктүрүп («Таза акыл-эсти сындоо», 1781; «Практикалык акыл-эсти сындоо», 1788; «Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн сындоо», 1890) эмгектеринде кургак ой жүгүртмө метафизиканын ж-а скептицизмдин догматизмине каршы чыгып, таанылып билинбөөчү «өзүндөгү нерселер» (туюмдун объективдүү булагы) ж-а чексиз, мүмкүн тажрыйбалар чөйрөсүн түзүүчү таанылып билинүүчү кубулуштар жөнүндөгү дуалисттик окууну киргизген. Таанымдын шарты – туюмдардын баш аламандыгын (хаосун) иретке салуучу жалпы маанилүү априордук формалар. Кудай, боштондук, өлбөстүк идеялары теориялык жактан далилденбегени м-н «практикалык акыл-эстин» постулаттары, адеп-ахлактын зарыл өбөлгөлөрү болот. Парыз түшүнүгүнө негизделген Кант этикасынын борбордук принциби – категориялык императив. Канттын теориялык акыл-эс антиномиясы жөнүндөгү окуусу диалектиканын өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Марксизм-ленинизм классиктери Канттын философиясын сынга алып, анда субъективдүү идеалисттик, агностикалык ж-а материалисттик тенденциялар аралашып кеткендигин көрсөткөн.