КАНДАГАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
2 сап: 2 сап:

[[File:КАНДАГАЙ14.png | thumb | none]]
[[File:КАНДАГАЙ14.png | thumb | none]]

Кандагай багалеги ке­нен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамышта­лып тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыш­тан ычкыр өткөрүлгөн. Ага үстүңкү кийимдерин шымданып, белин токулган кооз боолуу ычкыр менен бай­ланган. Моңгол тилинде «хандгай» багышты билдирет. Кыргыздар бир кезде бул сөздү өз ти­линде колдонгон болушу керек. Качан кыргыз­дар жер которуп келгенде, ал аймакта бул жа­ныбардын жок болгондугуна карабай, сөз ошол жаныбардын терисинен жасалган шымдын атында сакталып калган. Балбандарга, баатыр­ларга кандагайдын эмес башка жаныбарлардын терисинен шым тигип калган кезде деле эл оозунда эски аты сакталып калган.

[[Категория:4-том, 51-100 бб]]
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]

05:18, 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАНДАГАЙ – жоого, балбан күрөшкө, эр са­йышка, оодарышка баатырлар, балбандар ки­йүүчү чалбар шым. Кандагай багыштын, бугунун, тоо-текенин, серкенин же жаш бодонун терисинен малма­га салынып, ийленип, ыш­кын түпкө, чүкүрүгө, эңгил­чекке же кабыкка боёлуп жасалган.