КАНДАГАЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНДАГАЙ</b> – жоого, балбан күрөшкө, эр са­йышка, оодарышка баатырлар, балбандар ки­йүүчү чалбар шым. | <b type='title'>КАНДАГАЙ</b> – жоого, балбан күрөшкө, эр са­йышка, оодарышка баатырлар, балбандар ки­йүүчү чалбар шым. Кандагай багыштын, бугунун, тоо-текенин, серкенин же жаш бодонун терисинен малма­га салынып, ийленип, ыш­кын түпкө, чүкүрүгө, эңгил­чекке же кабыкка боёлуп жасалган. | ||
текенин, серкенин же жаш | |||
[[File:КАНДАГАЙ14.png | thumb | none]] | [[File:КАНДАГАЙ14.png | thumb | none]] | ||
үстүңкү кийимдерин | Кандагай багалеги ке­нен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамышта­лып тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыш­тан ычкыр өткөрүлгөн. Ага үстүңкү кийимдерин шымданып, белин токулган кооз боолуу ычкыр менен бай­ланган. Моңгол тилинде «хандгай» багышты билдирет. Кыргыздар бир кезде бул сөздү өз ти­линде колдонгон болушу керек. Качан кыргыз­дар жер которуп келгенде, ал аймакта бул жа­ныбардын жок болгондугуна карабай, сөз ошол жаныбардын терисинен жасалган шымдын атында сакталып калган. Балбандарга, баатыр­ларга кандагайдын эмес башка жаныбарлардын терисинен шым тигип калган кезде деле эл оозунда эски аты сакталып калган. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
05:18, 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНДАГАЙ – жоого, балбан күрөшкө, эр сайышка, оодарышка баатырлар, балбандар кийүүчү чалбар шым. Кандагай багыштын, бугунун, тоо-текенин, серкенин же жаш бодонун терисинен малмага салынып, ийленип, ышкын түпкө, чүкүрүгө, эңгилчекке же кабыкка боёлуп жасалган.

Кандагай багалеги кенен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамышталып тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыштан ычкыр өткөрүлгөн. Ага үстүңкү кийимдерин шымданып, белин токулган кооз боолуу ычкыр менен байланган. Моңгол тилинде «хандгай» багышты билдирет. Кыргыздар бир кезде бул сөздү өз тилинде колдонгон болушу керек. Качан кыргыздар жер которуп келгенде, ал аймакта бул жаныбардын жок болгондугуна карабай, сөз ошол жаныбардын терисинен жасалган шымдын атында сакталып калган. Балбандарга, баатырларга кандагайдын эмес башка жаныбарлардын терисинен шым тигип калган кезде деле эл оозунда эски аты сакталып калган.