КАН-ТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАН-ТОО</b> , К а н - Т е ң и р – Борб. Теңир-Тоодо&shy;гу бийик чоку. Кан-Теңир тоо тоомунда, Жеңиш
<b type='title'>КАН-ТОО</b> , К а н - Т е ң и р – Борбордук Теңир-Тоодо&shy;гу бийик чоку. Кан-Теңир тоо тоомунда, Жеңиш чокусунан 18 <i>км</i> түндүк тарапта. Бийиктиги 6995 <i>м</i>. Чоку шуштугуй. Капталдары тик (түштүк боору 60°ка, түндүк жагы 40–45°ка чейин). Төмөн жагы күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мра&shy;мордон турат. Дээрлик кар-мөңгү м-н каптал&shy;ган, өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр Түштүк ж-а Түндүк Эңилчек мөңгүлөрүнө кошулат. Чоку жергиликтүү элге эчактан белгилүү. Алыстан көрүнгөн кар-мөңгүлүү чокуну кыргыз&shy;дар Кан-Тоо, казактар Олуя-Чоку деп аташкан. 1755-, 1780-жылдарда Оренбургда түзүлгөн карталарда
чокусунан 18 <i>км</i> түн. тарапта. Бийикт. 6995 <i>м</i>.
Чоку шуштугуй. Капталдары тик (түш. боору 60°ка, түн. жагы 40–45°ка чейин). Төмөн жагы
күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мра&shy;мордон турат. Дээрлик кар-мөңгү м-н каптал&shy;ган, өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр Түш. ж-а Түн. Эңилчек мөңгүлөрүнө кошулат. Чоку жерг. элге эчактан белгилүү. Алыстан көрүнгөн кар-мөңгүлүү чокуну кыргыз&shy;дар К.-Т., казактар Олуя-Чоку деп аташкан. 1755-, 1780-ж. Оренбургда түзүлгөн карталарда


[[File:КАН-ТОО26.png | thumb | Кан-Тоо чокусу.]]
[[File:КАН-ТОО26.png | thumb | Кан-Тоо чокусу.]]
ал К.-Т. («гора Хан») деп аталган. 1900-ж. Сары- Жаз аймагын изилдеген венгр илимпозу Д. Ал&shy;маши Хан-Теңир чокусунун жерг. аты К а н - Т о о деп белгилеген. Ад-ттарда ороним кан, канга окшош кызыл деген мааниден келип чык&shy;кан деген пикирлер айтылат. Чындыгында анын аты тоонун (чокунун) өтө бийиктигинен келип
ал Кан-Тоо («гора Хан») деп аталган. 1900-жылы Сары- Жаз аймагын изилдеген венгр илимпозу Д. Ал&shy;маши Хан-Теңир чокусунун жергиликтүү аты К а н - Т о о деп белгилеген. Адабияттарда ороним кан, канга окшош кызыл деген мааниден келип чык&shy;кан деген пикирлер айтылат. Чындыгында анын аты тоонун (чокунун) өтө бийиктигинен келип чыгып, «тоолордун каны» (падышасы) деген тү&shy;шүнүктү туюндурарын көп илимпоздор (Мур&shy;заев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген.<br>
чыгып, «тоолордун каны» (падышасы) деген тү&shy;шүнүктү туюндурарын көп илимпоздор (Мур&shy;заев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген.<br>
Чокуга алгач 1931-жылы 10-сентябрда М. Т. Погре&shy;бецкий жетекчилик кылган украиналык альпи&shy;нисттер чыккан. Ошондой эле к. <i>Кан-Теңир тоо тоо&shy;м</i>у. <p align='right'><i type='author'>А. Осмонов.</i>
Чокуга алгач 1931-ж. 10-сентябрда М. Т. Погре&shy;бецкий жетекчилик кылган украиналык альпи&shy;нисттер чыккан. О. эле к. <i>Кан-Теңир тоо тоо&shy;м</i>у. <p align='right'><i type='author'>А. Осмонов.</i>
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]

10:22, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАН-ТОО , К а н - Т е ң и р – Борбордук Теңир-Тоодо­гу бийик чоку. Кан-Теңир тоо тоомунда, Жеңиш чокусунан 18 км түндүк тарапта. Бийиктиги 6995 м. Чоку шуштугуй. Капталдары тик (түштүк боору 60°ка, түндүк жагы 40–45°ка чейин). Төмөн жагы күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мра­мордон турат. Дээрлик кар-мөңгү м-н каптал­ган, өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр Түштүк ж-а Түндүк Эңилчек мөңгүлөрүнө кошулат. Чоку жергиликтүү элге эчактан белгилүү. Алыстан көрүнгөн кар-мөңгүлүү чокуну кыргыз­дар Кан-Тоо, казактар Олуя-Чоку деп аташкан. 1755-, 1780-жылдарда Оренбургда түзүлгөн карталарда

Кан-Тоо чокусу.

ал Кан-Тоо («гора Хан») деп аталган. 1900-жылы Сары- Жаз аймагын изилдеген венгр илимпозу Д. Ал­маши Хан-Теңир чокусунун жергиликтүү аты К а н - Т о о деп белгилеген. Адабияттарда ороним кан, канга окшош кызыл деген мааниден келип чык­кан деген пикирлер айтылат. Чындыгында анын аты тоонун (чокунун) өтө бийиктигинен келип чыгып, «тоолордун каны» (падышасы) деген тү­шүнүктү туюндурарын көп илимпоздор (Мур­заев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген.

Чокуга алгач 1931-жылы 10-сентябрда М. Т. Погре­бецкий жетекчилик кылган украиналык альпи­нисттер чыккан. Ошондой эле к. Кан-Теңир тоо тоо­му.

А. Осмонов.