КАМЧЫБЕКОВ Төлөбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:48, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАМЧЫБЕКОВ Төлөбек (12. 8. 1949-жылы туулган, На­рын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы) – эко­номист, экономика илимдеринин доктору (2001), профессор (2002), КРдин билим берүүсүнүн отличниги

(1999), КРдин эмгек сиңирген эко­номисти (2005). Экономика­нын теориясы ж-а эл чарба­сынын экономикасы боюнча адис. Ташкент гидро-метео­рология техникумун (1968), КМУну (1973), Кыргыз CCР ИА ЭИнин аспирантурасын (1980) бүткөн. Кыргыз CCР ИА ЭИнин илимий кызматке­ри (1973), КМУнун окутуу­чусу, декан (1977–92), КР УИА ЭИде бөлүм башчысы (1992), КР моно­полияга каршы саясат боюнча комитетте бөлүм башчы­сы (1993), КР финансы ж-а экономика министр­лигинде бөлүмдүн начальниги (1993–95), Биш­кек коммерциялык коллеждин директору (1995–99), 2003-жылдан КЭУнун ректору. 70тен ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн.


Эмг.: Кадровое обеспечение малого и среднего пред­принимательства (авторлош). Б.– 2000; Экономическая теория. Метод. пособие (авторлош). Б.– 2000; Законо­мерности развития и становления предпринима­тельства Кыргызской Республики при переходе к ры­ночной экономике. Б.– 2001.