КАМЧЫБЕКОВ Төлөбек
КАМЧЫБЕКОВ Төлөбек (12. 8. 1949-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы) – экономист, экономика илимдеринин доктору (2001), профессор (2002), КРдин билим берүүсүнүн отличниги

(1999), КРдин эмгек сиңирген экономисти (2005). Экономиканын теориясы ж-а эл чарбасынын экономикасы боюнча адис. Ташкент гидро-метеорология техникумун (1968), КМУну (1973), Кыргыз CCР ИА ЭИнин аспирантурасын (1980) бүткөн. Кыргыз CCР ИА ЭИнин илимий кызматкери (1973), КМУнун окутуучусу, декан (1977–92), КР УИА ЭИде бөлүм башчысы (1992), КР монополияга каршы саясат боюнча комитетте бөлүм башчысы (1993), КР финансы ж-а экономика министрлигинде бөлүмдүн начальниги (1993–95), Бишкек коммерциялык коллеждин директору (1995–99), 2003-жылдан КЭУнун ректору. 70тен ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Кадровое обеспечение малого и среднего предпринимательства (авторлош). Б.– 2000; Экономическая теория. Метод. пособие (авторлош). Б.– 2000; Закономерности развития и становления предпринимательства Кыргызской Республики при переходе к рыночной экономике. Б.– 2001.