КАМЧЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАМЧЫ</b> – ат чабуу, мал айдоо үчүн колдонулуу­чу жабдык. Ал сап, бүлдүргө, баш, алакан, чачы, өрүм, өзөк жана түшкүндөн турат. Камчы сап табыл­гы, четин жана ыргайдан тандап алынып, ке­ректүү узундукта кесилип, көлөкөдө кургаты­лат. Ошондой эле камчы сап сөөктөн (эликтин шыйрагы териси жана туягы менен кошо катырылат), мүйүз­дөн да жасалат. Камчынын бүлдүргөсү бугунун же ара малдын терисинен тилинип алынган ичке кайыштан даярдалып, эки учу бирдей кабатта­лып, | <b type='title'>КАМЧЫ</b> – ат чабуу, мал айдоо үчүн колдонулуу­чу жабдык. Ал сап, бүлдүргө, баш, алакан, чачы, өрүм, өзөк жана түшкүндөн турат. Камчы сап табыл­гы, четин жана ыргайдан тандап алынып, ке­ректүү узундукта кесилип, көлөкөдө кургаты­лат. Ошондой эле камчы сап сөөктөн (эликтин шыйрагы, териси жана туягы менен кошо катырылат), мүйүз­дөн да жасалат. Камчынын бүлдүргөсү бугунун же ара малдын терисинен тилинип алынган ичке кайыштан даярдалып, эки учу бирдей кабатта­лып, | ||
[[File:КАМЧЫ55.png | thumb | а – сый камчы; б – жөнөкөй камчы; в – кыз-келин­дер камчысы: 1– өрүмү; 2 – түшкүнү; 3– жез башы; 4 – алаканы; 5 – табылгы сабы; 6 – капталган булгаа­рысы; 7 – бүлдүргөсү.]] | [[File:КАМЧЫ55.png | thumb | а – сый камчы; б – жөнөкөй камчы; в – кыз-келин­дер камчысы: 1– өрүмү; 2 – түшкүнү; 3– жез башы; 4 – алаканы; 5 – табылгы сабы; 6 – капталган булгаа­рысы; 7 – бүлдүргөсү.]] | ||
камчы саптын кармоочундагы көзөнөгүнөн өткөрүлүп, чие байланып түйүлөт. Ал камчыны кол­го кармап жүрүүгө же илип коюуга ылайыктал­ган. Камчынын алаканын бекиткенде, камчылан­ганда камчы. саптын башы жарылбас үчүн ага сары же кызыл түстөгү жез түтүкчөнү кийгизет. Өрүм менен өзөктүн башталышындагы көктүн учуна улаштырыла бекитилген калың булгаары ала­кан деп аталып, ал өрүмдү сапка бекитет. Өрүм, өзөк менен алакандын бириккен жери жиксиз бо­луш үчүн жука кара булгаары менен капталып, өрүм жагы чачыланып, кооздолот. Камчы 4–16 та­рам ичке тилинип, сыдыргыга салынган көктөн өрүлөт. Өрүмдүн ичине салынган калың кайы­шы – өзөгү челденип, сыдыргыланып, жумур­ланат да, ийчиге (өрүүгө колдонулчу курал) ке­рилип, анын сыртын каптай көк өрүлөт. Өрүм бүткөндө көктүн учу – өзөккө бекитилген учу түшкүн деп аталат. Жоокерчилик заманда чоң камчылардын түшкүнүнүн ичине өзөк менен бирге кор­гошун салынып жасалган. Камчылардын жоондугу анын узундугуна жараша болгон. Камчынын чоң камчы, кичине камчы, асем камчы, уй мурун камчы, жылан боор камчы жана башка түрү болот. | камчы саптын кармоочундагы көзөнөгүнөн өткөрүлүп, чие байланып түйүлөт. Ал камчыны кол­го кармап жүрүүгө же илип коюуга ылайыктал­ган. Камчынын алаканын бекиткенде, камчылан­ганда камчы. саптын башы жарылбас үчүн ага сары же кызыл түстөгү жез түтүкчөнү кийгизет. Өрүм менен өзөктүн башталышындагы көктүн учуна улаштырыла бекитилген калың булгаары ала­кан деп аталып, ал өрүмдү сапка бекитет. Өрүм, өзөк менен алакандын бириккен жери жиксиз бо­луш үчүн жука кара булгаары менен капталып, өрүм жагы чачыланып, кооздолот. Камчы 4–16 та­рам ичке тилинип, сыдыргыга салынган көктөн өрүлөт. Өрүмдүн ичине салынган калың кайы­шы – өзөгү челденип, сыдыргыланып, жумур­ланат да, ийчиге (өрүүгө колдонулчу курал) ке­рилип, анын сыртын каптай көк өрүлөт. Өрүм бүткөндө көктүн учу – өзөккө бекитилген учу түшкүн деп аталат. Жоокерчилик заманда чоң камчылардын түшкүнүнүн ичине өзөк менен бирге кор­гошун салынып жасалган. Камчылардын жоондугу анын узундугуна жараша болгон. Камчынын чоң камчы, кичине камчы, асем камчы, уй мурун камчы, жылан боор камчы жана башка түрү болот. | ||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
09:39, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАМЧЫ – ат чабуу, мал айдоо үчүн колдонулуучу жабдык. Ал сап, бүлдүргө, баш, алакан, чачы, өрүм, өзөк жана түшкүндөн турат. Камчы сап табылгы, четин жана ыргайдан тандап алынып, керектүү узундукта кесилип, көлөкөдө кургатылат. Ошондой эле камчы сап сөөктөн (эликтин шыйрагы, териси жана туягы менен кошо катырылат), мүйүздөн да жасалат. Камчынын бүлдүргөсү бугунун же ара малдын терисинен тилинип алынган ичке кайыштан даярдалып, эки учу бирдей кабатталып,

камчы саптын кармоочундагы көзөнөгүнөн өткөрүлүп, чие байланып түйүлөт. Ал камчыны колго кармап жүрүүгө же илип коюуга ылайыкталган. Камчынын алаканын бекиткенде, камчыланганда камчы. саптын башы жарылбас үчүн ага сары же кызыл түстөгү жез түтүкчөнү кийгизет. Өрүм менен өзөктүн башталышындагы көктүн учуна улаштырыла бекитилген калың булгаары алакан деп аталып, ал өрүмдү сапка бекитет. Өрүм, өзөк менен алакандын бириккен жери жиксиз болуш үчүн жука кара булгаары менен капталып, өрүм жагы чачыланып, кооздолот. Камчы 4–16 тарам ичке тилинип, сыдыргыга салынган көктөн өрүлөт. Өрүмдүн ичине салынган калың кайышы – өзөгү челденип, сыдыргыланып, жумурланат да, ийчиге (өрүүгө колдонулчу курал) керилип, анын сыртын каптай көк өрүлөт. Өрүм бүткөндө көктүн учу – өзөккө бекитилген учу түшкүн деп аталат. Жоокерчилик заманда чоң камчылардын түшкүнүнүн ичине өзөк менен бирге коргошун салынып жасалган. Камчылардын жоондугу анын узундугуна жараша болгон. Камчынын чоң камчы, кичине камчы, асем камчы, уй мурун камчы, жылан боор камчы жана башка түрү болот.