КАМЧАТКА (дарыя): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАМЧАТКА to КАМЧАТКА (дарыя)) |
(Айырма жок)
| |
09:03, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАМЧА́ТКА (башатында – Көлдүү Камчатка) – Россиядагы дарыя, Камчатка облусунда. Узундугу 758 км, алабынын аянты 55,9 миң км2. Ортолук кырка тоосунан башталат да, Борбордук Камчатка ойдуңу аркылуу агып, Тынч океандын Камчатка булуңуна куят. Жер астындагы (35%), кар (34%), мөңгү (28%) ж-а жамгыр (3%) сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы төмөнкү агымында 921 м3/сек. Ноябрда тоңуп, апрель–майда ачылат; ысык булак чыккан жерлери тоңбойт. Чатынан 486 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Лосось балыгы урук чачуучу жер. Балык кармалат. Чатында Усть-Камчатск порту жайгашкан.