КАЛЬЯО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛЬЯ́О</b> – Перудагы шаар. Кальяо конститу­циялык провинциясын (өзгөчө | <b type='title'>КАЛЬЯ́О</b> – Перудагы шаар. Кальяо конститу­циялык провинциясын (өзгөчө административдик бирдикти) түзөт. Тынч океандын жээгиндеги кууш тилке­де жайгашкан. Калкы 557 миң (2023; провин­циясында 849,6 миң). Лима борбордук агломерация­сына кирет. Ири жолдор тоому (Панамерика шоссесинин бир бөлүгү да өтөт). Эл аралык аэро­порту бар. Кальяо – Перунун «деңиз дарбазасы» ж-а Лиманын аванпорту. Өлкөнүн ири соода ж-а балык кармоочу башкы порту. Шаар 1537-жылы негизделип, 1671-жылы шаар статусун алган. 1746-жылы толугу м-н цунамиден талкаланып (5 миң жашоочудан 200дөй гана адам калган), кийинчерээк кайрадан курулган. 1820-жыл­дан көз каранды эмес Перунун курамында. Ре­аль-Фелипе (18-кылым) чеби, чиркөөлөр сакталган. Университеттер (анын ичинде католик, улуттук), аскер-деңиз мектеби, Олимпия академиясы, деңиз институту, ки­тепкана, аскер-деңиз музейи, театр бар. Кальяо– өл­көнүн ири индустриялык борбору. Перудагы ири кеме ремонттоочу ишканалар (көптөгөн кургак доктору м-н) ири нефть ажыратуучу заводдору, на­вигациялык жабдуулар өндүрүшү, химия, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кар­малып, беленделет. | ||
Лиманын аванпорту. Өлкөнүн ири соода ж-а балык кармоочу башкы порту. Шаар 1537- | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
09:44, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛЬЯ́О – Перудагы шаар. Кальяо конституциялык провинциясын (өзгөчө административдик бирдикти) түзөт. Тынч океандын жээгиндеги кууш тилкеде жайгашкан. Калкы 557 миң (2023; провинциясында 849,6 миң). Лима борбордук агломерациясына кирет. Ири жолдор тоому (Панамерика шоссесинин бир бөлүгү да өтөт). Эл аралык аэропорту бар. Кальяо – Перунун «деңиз дарбазасы» ж-а Лиманын аванпорту. Өлкөнүн ири соода ж-а балык кармоочу башкы порту. Шаар 1537-жылы негизделип, 1671-жылы шаар статусун алган. 1746-жылы толугу м-н цунамиден талкаланып (5 миң жашоочудан 200дөй гана адам калган), кийинчерээк кайрадан курулган. 1820-жылдан көз каранды эмес Перунун курамында. Реаль-Фелипе (18-кылым) чеби, чиркөөлөр сакталган. Университеттер (анын ичинде католик, улуттук), аскер-деңиз мектеби, Олимпия академиясы, деңиз институту, китепкана, аскер-деңиз музейи, театр бар. Кальяо– өлкөнүн ири индустриялык борбору. Перудагы ири кеме ремонттоочу ишканалар (көптөгөн кургак доктору м-н) ири нефть ажыратуучу заводдору, навигациялык жабдуулар өндүрүшү, химия, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет.