ЗООЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗООЛО́ГИЯ</b> (<i>зоо...</i> ж-а <i>...логия)</i> – жаныбарлар | <b type='title'>ЗООЛО́ГИЯ</b> (<i>зоо...</i> ж-а <i>...логия)</i> – жаныбарлар жөнүндөгү илим; <i>биологиянын</i> негизги бөлүгү. Жа­ныбарлардын келип чыгышын, көп түрдүүлүгүн ж-а алардын бөлүнүшүн, ошондой эле жер бетинде та­ралышын, айлана-чөйрө м-н байланышын, жашоо-тиричилигин, түзүлүшүн, өөрчүшүн үйрө­төт. Бир топ илимий тармакка: <i>жаныбарлар морфо­логиясы, анатомия</i> (жаныбарлардын ички ж-а сырткы түзүлүшү)<i>, гистология, цитология</i> (мик­роскоптук структурасы) ж-а <i>эмбриологияга</i> (алар­дын жекече өөрчүшү) бөлүнөт. Жаныбарлардын түрдүү топтогу формаларын салыштырып, та­рыхый өөрчүү процессиндеги негизги өзгөргүчтүк закон ченемин жаныбарлардын салыштырма анатомиясы ж-а эмбриологиясы, организмдин жекече өөрчүшүндө ички ж-а сырткы себептер­дин маанисин эксперименттик морфология изил­дейт. Зоология <i>физиология, биохимия, экология, зоо­география</i> ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Систематика, ошондой эле зоология тармактары (протозоология – бир клеткалуулар, гельминтология – мите курттар, <i>энтомология</i> – курт-кумурска, <i>ихтиология –</i> балыктар, орнитология – канат­туулар, териология – сүт эмүүчүлөр жөнүндөгү ж. б.) пайда болду. Зоология <i>ботаника</i> м-н бирдикте жалпы маселелерди чечет. Жаныбарлар жөнүндөгү маалы­маттар илгертен эле белгилүү болгон. Аларды сыпаттаган ж-а адамдын турмушундагы маани­си жөнүндөгү адабияттар байыркы Кытай, Индия ж. б. өлкөлөрдө пайда болгон. Зоология боюнча алгачкы маа­лыматтар грек философу Аристотелге таандык. <i>Кайра жаралуу</i> доорундагы саякаттар, ачы­лыштар европалыктарга жаңы ачылган жерлер­деги жаныбарлардын ар түрдүүлүгүн изилдөөгө мүмкүндүк берген. Зоологиянын өнүгүшүнө К. <i>Линней</i>, Ж. <i>Ламарк</i>, Ч. <i>Дарвин</i> ж. б. илимпоздор зор салым кошкон. 17-кылымда микроскоптун жасалы­шына байланыштуу майда организмдер ачы­лып, алардын түзүлүшүн изилдөө башталган. Жөнөкөйлөр жөнүндөгү изилдөөлөрдөн алардын үй жаныбарларына, адамга оору козгогуч экенди­ги белгилүү болду. Ичеги көңдөйлүүлөр, үлүлдөр, рак сымалдар, ийне терилүүлөр ж. б-ды изилдөө океан, көлмөлөрдү иликтөөгө байланыштуу. <i>Кенелер</i>, оору таратуучулар адамга, жаныбар­ларга ж-а айыл чарбасына зыян келтиргендиктен, өсүм­дүк, жаныбар ж-а адамга мителик кылуучу курттарды изилдөө <i>гельминттердин</i> таралуу закон ченемин, физиологиясын, экологиясын ж. б. маселелерди чечүүгө шарт түздү. Айыл чарба зы­янкечтерине каршы чараларды иштеп чыгуу ж-а пайдалууларын көбөйтүү үчүн курт-кумурс­каны изилдөө милдети келип чыкты. Омуртка­луулардын ичинен балыктар, канаттуулар ж-а сүт эмүүчүлөр терең изилденген. Зоология жаныбарлар­дын таралышын, санын жөнгө салуунун, кор­гоонун ж-а айыл ж-а токой чарба зыянкечтерин жок кылуунун илимий негизи болуп эсептелет. Зоологиялык изилдөөлөрдү түрдүү өлкөлөрдө ИАлардын зоологиялык институттары, музейлер, зоологиялык коомдор, ЖОЖдор­дун тийиштүү кафедралары жүргүзөт. | ||
Ад.: Жизнь животных: В 7 т. 2-е изд. М., 1983–1989; <i>Хадорн Э., Венер Р.</i> Общая зоология. М., 1989. | |||
Ад.: Жизнь животных: В 7 т. 2-е изд. М., | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:10, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ЗООЛО́ГИЯ (зоо... ж-а ...логия) – жаныбарлар жөнүндөгү илим; биологиянын негизги бөлүгү. Жаныбарлардын келип чыгышын, көп түрдүүлүгүн ж-а алардын бөлүнүшүн, ошондой эле жер бетинде таралышын, айлана-чөйрө м-н байланышын, жашоо-тиричилигин, түзүлүшүн, өөрчүшүн үйрөтөт. Бир топ илимий тармакка: жаныбарлар морфологиясы, анатомия (жаныбарлардын ички ж-а сырткы түзүлүшү), гистология, цитология (микроскоптук структурасы) ж-а эмбриологияга (алардын жекече өөрчүшү) бөлүнөт. Жаныбарлардын түрдүү топтогу формаларын салыштырып, тарыхый өөрчүү процессиндеги негизги өзгөргүчтүк закон ченемин жаныбарлардын салыштырма анатомиясы ж-а эмбриологиясы, организмдин жекече өөрчүшүндө ички ж-а сырткы себептердин маанисин эксперименттик морфология изилдейт. Зоология физиология, биохимия, экология, зоогеография ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Систематика, ошондой эле зоология тармактары (протозоология – бир клеткалуулар, гельминтология – мите курттар, энтомология – курт-кумурска, ихтиология – балыктар, орнитология – канаттуулар, териология – сүт эмүүчүлөр жөнүндөгү ж. б.) пайда болду. Зоология ботаника м-н бирдикте жалпы маселелерди чечет. Жаныбарлар жөнүндөгү маалыматтар илгертен эле белгилүү болгон. Аларды сыпаттаган ж-а адамдын турмушундагы мааниси жөнүндөгү адабияттар байыркы Кытай, Индия ж. б. өлкөлөрдө пайда болгон. Зоология боюнча алгачкы маалыматтар грек философу Аристотелге таандык. Кайра жаралуу доорундагы саякаттар, ачылыштар европалыктарга жаңы ачылган жерлердеги жаныбарлардын ар түрдүүлүгүн изилдөөгө мүмкүндүк берген. Зоологиянын өнүгүшүнө К. Линней, Ж. Ламарк, Ч. Дарвин ж. б. илимпоздор зор салым кошкон. 17-кылымда микроскоптун жасалышына байланыштуу майда организмдер ачылып, алардын түзүлүшүн изилдөө башталган. Жөнөкөйлөр жөнүндөгү изилдөөлөрдөн алардын үй жаныбарларына, адамга оору козгогуч экендиги белгилүү болду. Ичеги көңдөйлүүлөр, үлүлдөр, рак сымалдар, ийне терилүүлөр ж. б-ды изилдөө океан, көлмөлөрдү иликтөөгө байланыштуу. Кенелер, оору таратуучулар адамга, жаныбарларга ж-а айыл чарбасына зыян келтиргендиктен, өсүмдүк, жаныбар ж-а адамга мителик кылуучу курттарды изилдөө гельминттердин таралуу закон ченемин, физиологиясын, экологиясын ж. б. маселелерди чечүүгө шарт түздү. Айыл чарба зыянкечтерине каршы чараларды иштеп чыгуу ж-а пайдалууларын көбөйтүү үчүн курт-кумурсканы изилдөө милдети келип чыкты. Омурткалуулардын ичинен балыктар, канаттуулар ж-а сүт эмүүчүлөр терең изилденген. Зоология жаныбарлардын таралышын, санын жөнгө салуунун, коргоонун ж-а айыл ж-а токой чарба зыянкечтерин жок кылуунун илимий негизи болуп эсептелет. Зоологиялык изилдөөлөрдү түрдүү өлкөлөрдө ИАлардын зоологиялык институттары, музейлер, зоологиялык коомдор, ЖОЖдордун тийиштүү кафедралары жүргүзөт.
Ад.: Жизнь животных: В 7 т. 2-е изд. М., 1983–1989; Хадорн Э., Венер Р. Общая зоология. М., 1989.