ЗООЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗООЛО́ГИЯ (зоо... ж-а ...логия) – жаныбарлар жөнүндөгү илим; биологиянын негизги бөлүгү. Жа­ныбарлардын келип чыгышын, көп түрдүүлүгүн ж-а алардын бөлүнүшүн, ошондой эле жер бетинде та­ралышын, айлана-чөйрө м-н байланышын, жашоо-тиричилигин, түзүлүшүн, өөрчүшүн үйрө­төт. Бир топ илимий тармакка: жаныбарлар морфо­логиясы, анатомия (жаныбарлардын ички ж-а сырткы түзүлүшү), гистология, цитология (мик­роскоптук структурасы) ж-а эмбриологияга (алар­дын жекече өөрчүшү) бөлүнөт. Жаныбарлардын түрдүү топтогу формаларын салыштырып, та­рыхый өөрчүү процессиндеги негизги өзгөргүчтүк закон ченемин жаныбарлардын салыштырма анатомиясы ж-а эмбриологиясы, организмдин жекече өөрчүшүндө ички ж-а сырткы себептер­дин маанисин эксперименттик морфология изил­дейт. Зоология физиология, биохимия, экология, зоо­география ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Систематика, ошондой эле зоология тармактары (протозоология – бир клеткалуулар, гельминтология – мите курттар, энтомология – курт-кумурска, ихтиология – балыктар, орнитология – канат­туулар, териология – сүт эмүүчүлөр жөнүндөгү ж. б.) пайда болду. Зоология ботаника м-н бирдикте жалпы маселелерди чечет. Жаныбарлар жөнүндөгү маалы­маттар илгертен эле белгилүү болгон. Аларды сыпаттаган ж-а адамдын турмушундагы маани­си жөнүндөгү адабияттар байыркы Кытай, Индия ж. б. өлкөлөрдө пайда болгон. Зоология боюнча алгачкы маа­лыматтар грек философу Аристотелге таандык. Кайра жаралуу доорундагы саякаттар, ачы­лыштар европалыктарга жаңы ачылган жерлер­деги жаныбарлардын ар түрдүүлүгүн изилдөөгө мүмкүндүк берген. Зоологиянын өнүгүшүнө К. Линней, Ж. Ламарк, Ч. Дарвин ж. б. илимпоздор зор салым кошкон. 17-кылымда микроскоптун жасалы­шына байланыштуу майда организмдер ачы­лып, алардын түзүлүшүн изилдөө башталган. Жөнөкөйлөр жөнүндөгү изилдөөлөрдөн алардын үй жаныбарларына, адамга оору козгогуч экенди­ги белгилүү болду. Ичеги көңдөйлүүлөр, үлүлдөр, рак сымалдар, ийне терилүүлөр ж. б-ды изилдөө океан, көлмөлөрдү иликтөөгө байланыштуу. Кенелер, оору таратуучулар адамга, жаныбар­ларга ж-а айыл чарбасына зыян келтиргендиктен, өсүм­дүк, жаныбар ж-а адамга мителик кылуучу курттарды изилдөө гельминттердин таралуу закон ченемин, физиологиясын, экологиясын ж. б. маселелерди чечүүгө шарт түздү. Айыл чарба зы­янкечтерине каршы чараларды иштеп чыгуу ж-а пайдалууларын көбөйтүү үчүн курт-кумурс­каны изилдөө милдети келип чыкты. Омуртка­луулардын ичинен балыктар, канаттуулар ж-а сүт эмүүчүлөр терең изилденген. Зоология жаныбарлар­дын таралышын, санын жөнгө салуунун, кор­гоонун ж-а айыл ж-а токой чарба зыянкечтерин жок кылуунун илимий негизи болуп эсептелет. Зоологиялык изилдөөлөрдү түрдүү өлкөлөрдө ИАлардын зоологиялык институттары, музейлер, зоологиялык коомдор, ЖОЖдор­дун тийиштүү кафедралары жүргүзөт.

Ад.: Жизнь животных: В 7 т. 2-е изд. М., 1983–1989; Хадорн Э., Венер Р. Общая зоология. М., 1989.