КАЛИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КА́ЛИ</b> – Колумбиянын батышындагы шаар. | <b type='title'>КА́ЛИ</b> – Колумбиянын батышындагы шаар. Валье-дель-Каука департаментинин административдик борбо­ру. Чыгыш Анд Кордильерасы кырка тоосунун чыгыш капталында, деңиз деңгээлинен 1005 <i>м</i> бийик­те жайгашкан. Калкы 2,4 млн (2018; шаар ай­ланасы м-н); калкынын саны ж-а экономикалык маани­си боюнча Колумбиядагы 3-шаар. Ири жолдор тоо­му. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен ку­рулууда. 1536-жылы негизделген. Кафедралуу собор, чиркөө (1757–64), капелла ж-а мунара (экөө тең 18-кылым) сакталган. Университеттер, олимпиялык спорт гимназиясы, музейлер (анын ичинде искусство, археологиялык, та­рых, заманбап искусство, алтын буюмдар коллек­циясы ж. б.), театрлар бар. Колумбиянын ири спорт борбору. Панамерика оюндары (1971), сууда сүзүү спортунун дүйнөлүк чемпионаты (1975), аялдар (1975) ж-а эркектер (1982) арасында баскетбол боюнча чемпионат өткөрүлгөн. Ат майдан, зоо­парк бар. Тамак-аш (негизинен кант, спирт, ал­коголдуу ичимдиктер, шалы акталат, ун), же­ңил, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент, химия, машина куруу (анын ичинде электр-техника, электро­ника), целлюлоза-кагаз, түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Кали – айыл чарбалуу ири аймактын борбору. Бал камыш, пахта, таме­ки, какао, кофе, цитрус өсүмдүктөрү, күрүч, арпа, киноа, маниок, картөшкө айдалат. Шаардын түштүгүнөн таш көмүр казылып алынат. Чет ­жакасында көптөгөн «кант асьендалары» (анын айрымдары колониялык турмушту элестеткен майда музейлерге айландырылган) сакталган. | ||
Валье-дель-Каука департаментинин | |||
чыгыш капталында, деңиз | |||
чиркөө (1757–64), капелла ж-а мунара (экөө тең | |||
18- | |||
борбору. Панамерика оюндары (1971), сууда сүзүү | |||
спортунун дүйнөлүк чемпионаты (1975), аялдар (1975) ж-а эркектер (1982) арасында баскетбол | |||
аймактын борбору. Бал камыш, пахта, таме­ки, какао, кофе, цитрус өсүмдүктөрү, күрүч, арпа, киноа, маниок, картөшкө айдалат. Шаардын түштүгүнөн таш көмүр казылып алынат. Чет­жакасында көптөгөн «кант асьендалары» (анын айрымдары колониялык турмушту элестеткен майда музейлерге айландырылган) сакталган. | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
03:28, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КА́ЛИ – Колумбиянын батышындагы шаар. Валье-дель-Каука департаментинин административдик борбору. Чыгыш Анд Кордильерасы кырка тоосунун чыгыш капталында, деңиз деңгээлинен 1005 м бийикте жайгашкан. Калкы 2,4 млн (2018; шаар айланасы м-н); калкынын саны ж-а экономикалык мааниси боюнча Колумбиядагы 3-шаар. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда. 1536-жылы негизделген. Кафедралуу собор, чиркөө (1757–64), капелла ж-а мунара (экөө тең 18-кылым) сакталган. Университеттер, олимпиялык спорт гимназиясы, музейлер (анын ичинде искусство, археологиялык, тарых, заманбап искусство, алтын буюмдар коллекциясы ж. б.), театрлар бар. Колумбиянын ири спорт борбору. Панамерика оюндары (1971), сууда сүзүү спортунун дүйнөлүк чемпионаты (1975), аялдар (1975) ж-а эркектер (1982) арасында баскетбол боюнча чемпионат өткөрүлгөн. Ат майдан, зоопарк бар. Тамак-аш (негизинен кант, спирт, алкоголдуу ичимдиктер, шалы акталат, ун), жеңил, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент, химия, машина куруу (анын ичинде электр-техника, электроника), целлюлоза-кагаз, түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Кали – айыл чарбалуу ири аймактын борбору. Бал камыш, пахта, тамеки, какао, кофе, цитрус өсүмдүктөрү, күрүч, арпа, киноа, маниок, картөшкө айдалат. Шаардын түштүгүнөн таш көмүр казылып алынат. Чет жакасында көптөгөн «кант асьендалары» (анын айрымдары колониялык турмушту элестеткен майда музейлерге айландырылган) сакталган.