КАЙЫҢДЫ (Токтогул районундагы суу): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАЙЫҢДЫ 3 to КАЙЫҢДЫ (Токтогул районундагы суу)) |
(Айырма жок)
| |
09:45, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЙЫҢДЫ – Токтогул районундагы суу, Нарындын сол куймасы. Көк-Ирим тоосунун түндүк-батыш капталындагы чакан тоо көлүнөн башталат. Узундугу 37 км, алабынын аянты 195 км2. Кууш капчыгай аркылуу агып, нугунда босоголор көп кездешет. Өрөөнү кооз, токойлуу шалбаа ээлейт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2800 м. Көк- Ирим тоосунун эң бийик жери (4351 м) Кайыңды суусунун алабында. Кайыңдынын 6 куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 2,90 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүктөрүндөгү куймаларында илгертен калган арыктар кездешет. Жээгинде Кайыңды кыштагы жайгашкан.