КАЗЕРТА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗЕ́РТА</b> – Италиянын түштүгүндөгү шаар. | <b type='title'>КАЗЕ́РТА</b> – Италиянын түштүгүндөгү шаар. Кампания облусунун аймагында. Казерта провин­циясынын административдик борбору. Калкы 72,8 миң (2022). Туризмдин борбору. Алгачкы тургун жайы 8-кылым­да пайда боло баштаган. Ак сарай-парк комп­лекси, театр, 5-тектирчелүү 3 ризалиттүү сарай фасады (узундугу 252 <i>м</i>) бар. Комплекстин борбору­нан канал кетип (узундугу 3 <i>км</i>), тоонун этегинде паркка чейин созулуп, Неаполго кетчү жолду кесип өтөт. Анын курамына англиялык ботаник Э. Грэфер уюштурган экзотикалык өсүмдүктөрү м-н өзгөчө кооздук берген парк да кирет. Рези­денцияны суу м-н камсыз кылуу үчүн акведук (1753–69) курулган. Король Фердинанд IV ач­кан жибек фабрикасы кийинчерээк Сан-Леучо чеберлеринин королдук колониясына айлан­ган. Ак сарай, парк, акведук ж-а Сан-Леучо <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирген. Жибек кездеме өндүрүшү, цемент, тамеки, ша­рап, зайтун майын сыгуучу өнөр жай ишканалары иштейт. | ||
Кампания | |||
чеберлеринин королдук колониясына айлан­ган. Ак сарай, парк, акведук ж-а Сан-Леучо <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирген. Жибек кездеме өндүрүшү, цемент, тамеки, ша­рап, зайтун майын сыгуучу | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
10:12, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЗЕ́РТА – Италиянын түштүгүндөгү шаар. Кампания облусунун аймагында. Казерта провинциясынын административдик борбору. Калкы 72,8 миң (2022). Туризмдин борбору. Алгачкы тургун жайы 8-кылымда пайда боло баштаган. Ак сарай-парк комплекси, театр, 5-тектирчелүү 3 ризалиттүү сарай фасады (узундугу 252 м) бар. Комплекстин борборунан канал кетип (узундугу 3 км), тоонун этегинде паркка чейин созулуп, Неаполго кетчү жолду кесип өтөт. Анын курамына англиялык ботаник Э. Грэфер уюштурган экзотикалык өсүмдүктөрү м-н өзгөчө кооздук берген парк да кирет. Резиденцияны суу м-н камсыз кылуу үчүн акведук (1753–69) курулган. Король Фердинанд IV ачкан жибек фабрикасы кийинчерээк Сан-Леучо чеберлеринин королдук колониясына айланган. Ак сарай, парк, акведук ж-а Сан-Леучо Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жибек кездеме өндүрүшү, цемент, тамеки, шарап, зайтун майын сыгуучу өнөр жай ишканалары иштейт.