КАЗЕРТА
КАЗЕ́РТА – Италиянын түштүгүндөгү шаар. Кампания облусунун аймагында. Казерта провинциясынын административдик борбору. Калкы 72,8 миң (2022). Туризмдин борбору. Алгачкы тургун жайы 8-кылымда пайда боло баштаган. Ак сарай-парк комплекси, театр, 5-тектирчелүү 3 ризалиттүү сарай фасады (узундугу 252 м) бар. Комплекстин борборунан канал кетип (узундугу 3 км), тоонун этегинде паркка чейин созулуп, Неаполго кетчү жолду кесип өтөт. Анын курамына англиялык ботаник Э. Грэфер уюштурган экзотикалык өсүмдүктөрү м-н өзгөчө кооздук берген парк да кирет. Резиденцияны суу м-н камсыз кылуу үчүн акведук (1753–69) курулган. Король Фердинанд IV ачкан жибек фабрикасы кийинчерээк Сан-Леучо чеберлеринин королдук колониясына айланган. Ак сарай, парк, акведук ж-а Сан-Леучо Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жибек кездеме өндүрүшү, цемент, тамеки, шарап, зайтун майын сыгуучу өнөр жай ишканалары иштейт.