ДӨРӨ АШУУСУ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДӨРӨ АШУУСУ''' Күнгөй Ала- | '''ДӨРӨ АШУУСУ''' [[Күнгөй Ала-Тоо]]нун батышын­да. «Дара», «Дөрө» (дөре, дора, дере, торо, төрө) [[түрк тили]]нде «татаал же кууш өткөөл» (ашуу), «терең жар» деген маанини билдирет. Ашуу Дөрө суусунун башында. Бийиктиги 3734 ''м''. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу би­йиктиги 200–300 ''м''. [[Ысык-Көл]]дүн деңгээлинен са­лыштырмалуу 2114 ''м'' жогору жатат. Ашуу нео­генге чейинки түздүктүн тектоникалык жарака боюнча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун [[Гранит|гра­нит]], гнейс, [[слане]]ц, [[мрамор]], гранит-диорит тек­теринен түзүлгөн. Түндүк Дөрөнүн төрүндө 3640 ''м'' бийикте [[мөңгү]] (аянты 2,4 ''км''<sup>2</sup>) жатат. Андан башталган Дөрө суусу [[Чоң Кемин]]ге куят. Ашуунун түндүк бети тик, аскалуу, түштүгү аска­луу, корум таштуу, мореналуу. Ашуу аркылуу Ысык-Көл районунан Көк-Ойрок жайлоосуна мал ашырылат. [[Бишкек]], [[Алматы]] шаарларынан келүүчү туристтердин туруктуу жолуна айланды. Ок­тябрь – май айларында ашууну кар басып, жа­былат. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
02:47, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ДӨРӨ АШУУСУ Күнгөй Ала-Тоонун батышында. «Дара», «Дөрө» (дөре, дора, дере, торо, төрө) түрк тилинде «татаал же кууш өткөөл» (ашуу), «терең жар» деген маанини билдирет. Ашуу Дөрө суусунун башында. Бийиктиги 3734 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 200–300 м. Ысык-Көлдүн деңгээлинен салыштырмалуу 2114 м жогору жатат. Ашуу неогенге чейинки түздүктүн тектоникалык жарака боюнча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун гранит, гнейс, сланец, мрамор, гранит-диорит тектеринен түзүлгөн. Түндүк Дөрөнүн төрүндө 3640 м бийикте мөңгү (аянты 2,4 км2) жатат. Андан башталган Дөрө суусу Чоң Кеминге куят. Ашуунун түндүк бети тик, аскалуу, түштүгү аскалуу, корум таштуу, мореналуу. Ашуу аркылуу Ысык-Көл районунан Көк-Ойрок жайлоосуна мал ашырылат. Бишкек, Алматы шаарларынан келүүчү туристтердин туруктуу жолуна айланды. Октябрь – май айларында ашууну кар басып, жабылат.