ДӨРӨ АШУУСУ
ДӨРӨ АШУУСУ Күнгөй Ала-Тоонун батышында. «Дара», «Дөрө» (дөре, дора, дере, торо, төрө) түрк тилинде «татаал же кууш өткөөл» (ашуу), «терең жар» деген маанини билдирет. Ашуу Дөрө суусунун башында. Бийиктиги 3734 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 200–300 м. Ысык-Көлдүн деңгээлинен салыштырмалуу 2114 м жогору жатат. Ашуу неогенге чейинки түздүктүн тектоникалык жарака боюнча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун гранит, гнейс, сланец, мрамор, гранит-диорит тектеринен түзүлгөн. Түндүк Дөрөнүн төрүндө 3640 м бийикте мөңгү (аянты 2,4 км2) жатат. Андан башталган Дөрө суусу Чоң Кеминге куят. Ашуунун түндүк бети тик, аскалуу, түштүгү аскалуу, корум таштуу, мореналуу. Ашуу аркылуу Ысык-Көл районунан Көк-Ойрок жайлоосуна мал ашырылат. Бишкек, Алматы шаарларынан келүүчү туристтердин туруктуу жолуна айланды. Октябрь – май айларында ашууну кар басып, жабылат.