КАДЫРБЕК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАДЫРБЕК</b> Камчыбек уулу (1882, Ош уезди, Алай-Гүлчө болушу, Дүйшаалы айылы – 1937, | <b type='title'>КАДЫРБЕК</b> '''Камчыбек уулу''' (1882, Ош уезди, Алай-Гүлчө болушу, Дүйшаалы айылы – 1937, өлгөн жери белгисиз) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкандардын бири. Орус падышачылыгы тарабынан өлүм жазасына тар­тылган Камчыбектин (<i>Курманжан датканын</i> уулу) баласы. 1918–20-жылдарда Кашкар-Кыштак айыл кеңешинин төрагасы. 1921–23-жылдарда Гүлчө ыктыяр­дуу милиция кошуунунун командири болуп, Абдухалык паңсат, Юлдаш палван сыяктуу корбашылар м-н күрөш жүргүзгөн. Басыз уруу­сунун мурдагы төбөлү Жаныбек казы м-н тынч­тык келишимин түзүүгө ж-а Мойдун корбашы­ны колго түшүрүүгө катышкан (1922-жыл, июль). 1923-жылы июлда Нурмат миңбашы, Токто паңсат сыяктуу басмачылардын тобун талкалаган соң, Кадырбек жетектеген кошуун таркатылган. 1927-жылы апрелде Алайда кайрадан баш көтөргөн Жаны­бек казынын басмачыларын талкалоого катыш­кан. Каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз орде­ни м-н сыйланган. | ||
өлгөн жери белгисиз) – | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:00, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАДЫРБЕК Камчыбек уулу (1882, Ош уезди, Алай-Гүлчө болушу, Дүйшаалы айылы – 1937, өлгөн жери белгисиз) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкандардын бири. Орус падышачылыгы тарабынан өлүм жазасына тартылган Камчыбектин (Курманжан датканын уулу) баласы. 1918–20-жылдарда Кашкар-Кыштак айыл кеңешинин төрагасы. 1921–23-жылдарда Гүлчө ыктыярдуу милиция кошуунунун командири болуп, Абдухалык паңсат, Юлдаш палван сыяктуу корбашылар м-н күрөш жүргүзгөн. Басыз уруусунун мурдагы төбөлү Жаныбек казы м-н тынчтык келишимин түзүүгө ж-а Мойдун корбашыны колго түшүрүүгө катышкан (1922-жыл, июль). 1923-жылы июлда Нурмат миңбашы, Токто паңсат сыяктуу басмачылардын тобун талкалаган соң, Кадырбек жетектеген кошуун таркатылган. 1927-жылы апрелде Алайда кайрадан баш көтөргөн Жаныбек казынын басмачыларын талкалоого катышкан. Каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз ордени м-н сыйланган.