КАДЫРБЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРБЕК Камчыбек уулу (1882, Ош уезди, Алай-Гүлчө болушу, Дүйшаалы айылы – 1937, өлгөн жери белгисиз) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкандардын бири. Орус падышачылыгы тарабынан өлүм жазасына тар­тылган Камчыбектин (Курманжан датканын уулу) баласы. 1918–20-жылдарда Кашкар-Кыштак айыл кеңешинин төрагасы. 1921–23-жылдарда Гүлчө ыктыяр­дуу милиция кошуунунун командири болуп, Абдухалык паңсат, Юлдаш палван сыяктуу корбашылар м-н күрөш жүргүзгөн. Басыз уруу­сунун мурдагы төбөлү Жаныбек казы м-н тынч­тык келишимин түзүүгө ж-а Мойдун корбашы­ны колго түшүрүүгө катышкан (1922-жыл, июль). 1923-жылы июлда Нурмат миңбашы, Токто паңсат сыяктуу басмачылардын тобун талкалаган соң, Кадырбек жетектеген кошуун таркатылган. 1927-жылы апрелде Алайда кайрадан баш көтөргөн Жаны­бек казынын басмачыларын талкалоого катыш­кан. Каармандыгы үчүн Кызыл Жылдыз орде­ни м-н сыйланган.