КАВКАЗДЫН КАРА ДЕҢИЗДИК ЖЭЭГИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАВКАЗДЫН КАРА ДЕҢИЗДИК ЖЭЭГИ</b> – Кара | <b type='title'>КАВКАЗДЫН КАРА ДЕҢИЗДИК ЖЭЭГИ</b> – Кара | ||
деңиздин Анападан Грузиянын Түркия м-н чек арасына чейинки чыгыш жээги. | деңиздин Анападан Грузиянын Түркия м-н чек арасына чейинки чыгыш жээги. Узундугу 800 <i>км</i>. Түн­дүгүнө Чоң Кавказдын кырка тоолору, түштү­гүнө Колхида ойдуңу ж-а Кичи Кавказдын тоо­лору кирип турат. Түндүк бөлүгүнө Жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат мүнөздүү, жайы кургак, июлдун орточо температурасы 23°С, январдыкы 3°С; түштүгүнүкү нымдуу субтропик­тик климат (июлдун орточо температурасы 24°С, январ­дыкы 5°С). Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 500 <i>мм</i>, түштүгүндө 2800 <i>мм</i>. Түндүгүндө токой ж-а шибляк тибиндеги ксерофиль бадалдары, түштүгүндө лианалуу ж-а дайыма жашыл ба­далдуу жазы жалбырактуу токой өсөт. Багбан­чылык, жүзүмчүлүк, чай өстүрүү өнүккөн. Кавказдын Кара деңиздик жээги климаттык ж-а бальнеологиялык курорттуу (Ана­па, Геленжик, Сочи, Хоста, Гагра, Гудаута, Су­хуми, Кобулети, Батуми ж. б.) зона. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:36, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАВКАЗДЫН КАРА ДЕҢИЗДИК ЖЭЭГИ – Кара деңиздин Анападан Грузиянын Түркия м-н чек арасына чейинки чыгыш жээги. Узундугу 800 км. Түндүгүнө Чоң Кавказдын кырка тоолору, түштүгүнө Колхида ойдуңу ж-а Кичи Кавказдын тоолору кирип турат. Түндүк бөлүгүнө Жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат мүнөздүү, жайы кургак, июлдун орточо температурасы 23°С, январдыкы 3°С; түштүгүнүкү нымдуу субтропиктик климат (июлдун орточо температурасы 24°С, январдыкы 5°С). Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 500 мм, түштүгүндө 2800 мм. Түндүгүндө токой ж-а шибляк тибиндеги ксерофиль бадалдары, түштүгүндө лианалуу ж-а дайыма жашыл бадалдуу жазы жалбырактуу токой өсөт. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, чай өстүрүү өнүккөн. Кавказдын Кара деңиздик жээги климаттык ж-а бальнеологиялык курорттуу (Анапа, Геленжик, Сочи, Хоста, Гагра, Гудаута, Сухуми, Кобулети, Батуми ж. б.) зона.