КАВКАЗДЫН КАРА ДЕҢИЗДИК ЖЭЭГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАВКАЗДЫН КАРА ДЕҢИЗДИК ЖЭЭГИ – Кара деңиздин Анападан Грузиянын Түркия м-н чек арасына чейинки чыгыш жээги. Узундугу 800 км. Түн­дүгүнө Чоң Кавказдын кырка тоолору, түштү­гүнө Колхида ойдуңу ж-а Кичи Кавказдын тоо­лору кирип турат. Түндүк бөлүгүнө Жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат мүнөздүү, жайы кургак, июлдун орточо температурасы 23°С, январдыкы 3°С; түштүгүнүкү нымдуу субтропик­тик климат (июлдун орточо температурасы 24°С, январ­дыкы 5°С). Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 500 мм, түштүгүндө 2800 мм. Түндүгүндө токой ж-а шибляк тибиндеги ксерофиль бадалдары, түштүгүндө лианалуу ж-а дайыма жашыл ба­далдуу жазы жалбырактуу токой өсөт. Багбан­чылык, жүзүмчүлүк, чай өстүрүү өнүккөн. Кавказдын Кара деңиздик жээги климаттык ж-а бальнеологиялык курорттуу (Ана­па, Геленжик, Сочи, Хоста, Гагра, Гудаута, Су­хуми, Кобулети, Батуми ж. б.) зона.