ИЧКИ ТҮЗДҮКТӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЧКИ ТҮЗДҮКТӨР</b> – | <b type='title'>ИЧКИ ТҮЗДҮКТӨР</b> – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү түздүктүү табигый өлкө. Бразилия бөксө тоосу м-н Анд тоолорунун аралыгындагы (Түштүк кеңдиктин 10°нан 39°на чейин) тектоникалык ийилүүдөгү Маморе, Пантанал, Гран-Чако, Эки­суу арасы ж-а Пампа аккумуляциялык түздүктө­рүн камтыйт. Батышынан Анд тоолору, Пампа сьерралары, түштүгүнөн Патагония м-н чекте­шет. Бийиктиги чыгышында 50–70 <i>м</i>ден батышын­да 500–600 <i>м</i>ге чейин. Көбүнчө кайнозойдун де­лювий-аллювий чөкмөлөрүнөн туруп, анда өтө катуу тектер 1200–1400 <i>м</i>ге чейин көтөрүлүп жатат; түштүгүндө лёсс кеңири таралган. Ланд­шафтына түндүгүндө субэкватордук саванна то­кою ж-а саванна, борбордук бөлүгүндө тропиктик сей­рек токой, түштүгүндө субтропиктик саванна, пре­рия ж-а талаа мүнөздүү. Парагвай, Парана дарыяларын бойлой саздак токой тилкеси созулуп жатат. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
07:38, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЧКИ ТҮЗДҮКТӨР – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү түздүктүү табигый өлкө. Бразилия бөксө тоосу м-н Анд тоолорунун аралыгындагы (Түштүк кеңдиктин 10°нан 39°на чейин) тектоникалык ийилүүдөгү Маморе, Пантанал, Гран-Чако, Экисуу арасы ж-а Пампа аккумуляциялык түздүктөрүн камтыйт. Батышынан Анд тоолору, Пампа сьерралары, түштүгүнөн Патагония м-н чектешет. Бийиктиги чыгышында 50–70 мден батышында 500–600 мге чейин. Көбүнчө кайнозойдун делювий-аллювий чөкмөлөрүнөн туруп, анда өтө катуу тектер 1200–1400 мге чейин көтөрүлүп жатат; түштүгүндө лёсс кеңири таралган. Ландшафтына түндүгүндө субэкватордук саванна токою ж-а саванна, борбордук бөлүгүндө тропиктик сейрек токой, түштүгүндө субтропиктик саванна, прерия ж-а талаа мүнөздүү. Парагвай, Парана дарыяларын бойлой саздак токой тилкеси созулуп жатат.