ИХТИОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИХТИОЛО́ГИЯ</b> (гр. ishthys – балык ж-а ...<i>ло­гия</i>) – зоологиянын балыктардын түзүлүшүн, | <b type='title'>ИХТИОЛО́ГИЯ</b> (гр. ishthys – балык ж-а ...<i>ло­гия</i>) – зоологиянын балыктардын түзүлүшүн, өнүгүүсүн, таралышын, тиричилигин, система­тикасын, эволюциясын изилдөөчү бөлүгү. Ба­лыктардын түзүлүшүн ж-а органдарынын функ­циясын изилдөө биониканын, негизинен био­гидроакустиканын өрчүшүндө чоң мааниге ээ болду. Ихтиология боюнча алгачкы изилдөөлөрдү Индия оку­муштуулары жүргүзгөн (б. з. ч. 6-кылым). Балык өстүрүү, алардын тиричилиги жөнүндөгү туңгуч китеп б. з. ч. 1-миң жылдыкта Кытайда жарык көргөн. Б. з. ч. 4-кылымда Аристотель «Жаныбар­лар тарыхы» деген китебинде балыктарды суу­да жашоочу омурткалуулардын өзүнчө тобу деп бөлгөн. Ихтиология Европада 15-кылымдан баштап өнүгө баш­таган. 20-кылымдын ортосунан баштап ихтиологдор балыктардын жашын, өсүшүн, азыктануусун, көбөйүшүн, таралышын ж-а миграциясын изил­дөөнүн жаңы методдорун иштеп чыгышкан. Ихтиологиянын негизги милдети – тамак-аш ресурста­рын океан, деңиз сууларынан көбүрөөк алуу, промыселдик балык өстүрүүнү өнүктүрүү, алар­дын кунардуулугун рационалдуу пайдалануу ж. б. Кыргызстанда ихтиологиянын өсүшүнө Ф. А. <i>Турдаков­дун</i> салымы чоң. Ихтиологиялык изилдөөлөр КР УИАнын биология ж-а биотехнология институтунун лаборатория­сында жүргүзүлөт. | ||
өнүгүүсүн, таралышын, тиричилигин, система­тикасын, эволюциясын изилдөөчү бөлүгү. Ба­лыктардын түзүлүшүн ж-а органдарынын функ­циясын изилдөө биониканын, негизинен био­гидроакустиканын өрчүшүндө чоң мааниге ээ болду. | |||
өстүрүү, алардын тиричилиги | |||
Ад.: <i>Турдаков</i> Ф. А. Рыбы Киргизии. Ф., 1963; | Ад.: <i>Турдаков</i> Ф. А. Рыбы Киргизии. Ф., 1963; <i>Юдкин</i> И. Ихтиология. М.,1970. | ||
<i>Юдкин</i> И. Ихтиология. М.,1970. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:02, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИХТИОЛО́ГИЯ (гр. ishthys – балык ж-а ...логия) – зоологиянын балыктардын түзүлүшүн, өнүгүүсүн, таралышын, тиричилигин, систематикасын, эволюциясын изилдөөчү бөлүгү. Балыктардын түзүлүшүн ж-а органдарынын функциясын изилдөө биониканын, негизинен биогидроакустиканын өрчүшүндө чоң мааниге ээ болду. Ихтиология боюнча алгачкы изилдөөлөрдү Индия окумуштуулары жүргүзгөн (б. з. ч. 6-кылым). Балык өстүрүү, алардын тиричилиги жөнүндөгү туңгуч китеп б. з. ч. 1-миң жылдыкта Кытайда жарык көргөн. Б. з. ч. 4-кылымда Аристотель «Жаныбарлар тарыхы» деген китебинде балыктарды сууда жашоочу омурткалуулардын өзүнчө тобу деп бөлгөн. Ихтиология Европада 15-кылымдан баштап өнүгө баштаган. 20-кылымдын ортосунан баштап ихтиологдор балыктардын жашын, өсүшүн, азыктануусун, көбөйүшүн, таралышын ж-а миграциясын изилдөөнүн жаңы методдорун иштеп чыгышкан. Ихтиологиянын негизги милдети – тамак-аш ресурстарын океан, деңиз сууларынан көбүрөөк алуу, промыселдик балык өстүрүүнү өнүктүрүү, алардын кунардуулугун рационалдуу пайдалануу ж. б. Кыргызстанда ихтиологиянын өсүшүнө Ф. А. Турдаковдун салымы чоң. Ихтиологиялык изилдөөлөр КР УИАнын биология ж-а биотехнология институтунун лабораториясында жүргүзүлөт.
Ад.: Турдаков Ф. А. Рыбы Киргизии. Ф., 1963; Юдкин И. Ихтиология. М.,1970.