ИХТИОЛОГИЯ
ИХТИОЛО́ГИЯ (гр. ishthys – балык ж-а ...логия) – зоологиянын балыктардын түзүлүшүн, өнүгүүсүн, таралышын, тиричилигин, систематикасын, эволюциясын изилдөөчү бөлүгү. Балыктардын түзүлүшүн ж-а органдарынын функциясын изилдөө биониканын, негизинен биогидроакустиканын өрчүшүндө чоң мааниге ээ болду. Ихтиология боюнча алгачкы изилдөөлөрдү Индия окумуштуулары жүргүзгөн (б. з. ч. 6-кылым). Балык өстүрүү, алардын тиричилиги жөнүндөгү туңгуч китеп б. з. ч. 1-миң жылдыкта Кытайда жарык көргөн. Б. з. ч. 4-кылымда Аристотель «Жаныбарлар тарыхы» деген китебинде балыктарды сууда жашоочу омурткалуулардын өзүнчө тобу деп бөлгөн. Ихтиология Европада 15-кылымдан баштап өнүгө баштаган. 20-кылымдын ортосунан баштап ихтиологдор балыктардын жашын, өсүшүн, азыктануусун, көбөйүшүн, таралышын ж-а миграциясын изилдөөнүн жаңы методдорун иштеп чыгышкан. Ихтиологиянын негизги милдети – тамак-аш ресурстарын океан, деңиз сууларынан көбүрөөк алуу, промыселдик балык өстүрүүнү өнүктүрүү, алардын кунардуулугун рационалдуу пайдалануу ж. б. Кыргызстанда ихтиологиянын өсүшүнө Ф. А. Турдаковдун салымы чоң. Ихтиологиялык изилдөөлөр КР УИАнын биология ж-а биотехнология институтунун лабораториясында жүргүзүлөт.
Ад.: Турдаков Ф. А. Рыбы Киргизии. Ф., 1963; Юдкин И. Ихтиология. М.,1970.