ИСФАРА (Тажикстандагы шаар): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

07:51, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИСФАРА́ – Тажикстандын түштүгүндөгү шаар (1952-жылдан). Исфара дарыясынын боюнда. Калкы 54,9 миң (2022). Темир жол бекети. Гидрометаллур­гия, жарык берүүчү техника жабдуулары, ми­нерал боёктор ж. б. заводдор, консерва, курулуш материалдар комбинаты иштейт. 16-кылымдан бел­гилүү. Тарыхый-край таануу музейи бар. Исфарага жакын Абдулла-хан мечити (16-кылым), орто кылым­га таандык Калаи-Боло чебинин калдыкта­ры, Хазрати-Баба мавзолейи (10–12-кылымдар, Чорку кыштагында) сакталган.