ДҮЙШЕЕВ Арстанбек: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДҮЙШЕЕВ''' | '''ДҮЙШЕЕВ''' '''Арстанбек''' (16. 9. 1932, [[Кыргыз ССРи]], [[Чүй облусу]], [[Кемин району]], Кичи-Кемин айылы – 30. 6. 2003, [[Бишкек]]) – мамлекеттик жана партиялык ишмер, КРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1992); ветеринария илимдеринин кандидаты (1970). 1954-жылы К. И. [[Скрябин атындагы Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институту]]н бүткөн. 1954–57-жылдарда [[Ысык-Көл облусу]]ндагы [[Тоң району]]нун Тоң совхо­зунда башкы ветврач, 1957–60-жылдарда [[Нарын облусу|Нарын облу­су]]ндагы [[Жумгал району]]нун Жумгал совхозунда директор, 1960–62-жылдарда Кыргызстан КП [[Совет]] рай­комунун секретары, Кыргызстан КП БКда жооптуу уюштуруучу, 1962–68-жылдарда Кыргызстан КП [[Өзгөн]] райко­мунун 1-секретары, 1968–71-жылдарда Кыргызстан КП БКда секретарь, 1971–79-жылдарда Кыргызстан КП [[Ысык-Көл]] об­комунун 1-секретары, 1979–81-жылдарда [[Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму]]нун төрагасы, [[СССР Жогорку Советинин Президиуму]]нун тө- | ||
[[File:ДҮЙШЕЕВ87.png | thumb | none]] | |||
рагасынын орун басары, 1981–86-жылдарда [[Кыргыз ССР Министрлер Совети|Кыргыз ССР Ми­нистрлер Совети]]нин төрага­сы, 1986-жылдан Кыргызстан ве­теринария илим-изилдөө институтунун директору болуп иштеген. Ал 20дан ашык илимий эмгек­тердин автору. Илимий эмгекте­ри малдын кан мителери пайда кылуучу ылаңдарына каршы иш-чараларды иш­теп чыгууга багытталган. [[СССР Жогорку Совети|СССР Жогорку Сове­ти]]нин (3 жолку), [[Кыргыз ССР Жогорку Совети]]­нин (6 жолку) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, [[Манас]] ордендери жана медалдар м-н сыйланган. Бишкектеги «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөр» аллеясында анын айкели тургузулган. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
02:32, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ДҮЙШЕЕВ Арстанбек (16. 9. 1932, Кыргыз ССРи, Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы – 30. 6. 2003, Бишкек) – мамлекеттик жана партиялык ишмер, КРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1992); ветеринария илимдеринин кандидаты (1970). 1954-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институтун бүткөн. 1954–57-жылдарда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң совхозунда башкы ветврач, 1957–60-жылдарда Нарын облусундагы Жумгал районунун Жумгал совхозунда директор, 1960–62-жылдарда Кыргызстан КП Совет райкомунун секретары, Кыргызстан КП БКда жооптуу уюштуруучу, 1962–68-жылдарда Кыргызстан КП Өзгөн райкомунун 1-секретары, 1968–71-жылдарда Кыргызстан КП БКда секретарь, 1971–79-жылдарда Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун 1-секретары, 1979–81-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун тө-

рагасынын орун басары, 1981–86-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1986-жылдан Кыргызстан ветеринария илим-изилдөө институтунун директору болуп иштеген. Ал 20дан ашык илимий эмгектердин автору. Илимий эмгектери малдын кан мителери пайда кылуучу ылаңдарына каршы иш-чараларды иштеп чыгууга багытталган. СССР Жогорку Советинин (3 жолку), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6 жолку) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Манас ордендери жана медалдар м-н сыйланган. Бишкектеги «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөр» аллеясында анын айкели тургузулган.